Жапаров Нурбек Изабеков менен Мейрамбек Ахметовго акчалай сыйлык берди

Бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Токио Олимпиадасынан байгелүү кайткан спортчуларды сыйлоо аземи өттү.
Sputnik

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Олимпиаданын күмүш байгесин уткан спортчулардын жеке машыктыруучулары Мейрамбек Ахметов (Акжол Махмудовдун жеке насаатчысы) менен Нурбек Изабековго (Айсулуу Тыныбекованын жеке насаатчысы) акчалай сыйлык берилди.

Мээрим Жуманазарова Манас ордени менен сыйланып, 7 млн. сом жана унаа алды
Президент Садыр Жапаров Нурбек Изабековго II даражадагы Манас орденин ыйгарып, 8 миллион 150 миң сом берсе, ал эми Мейрамбек Ахметовго 2,5 миллион сом тапшырды.

Спортчулар менен машыктыруучуларды сыйлоо аземи бүгүн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

Буга чейин олжолуу кайткан Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровага сыйлыктар тапшырылган.