Чүйдөгү жүрөк үшүн алган кырсык. Ооруканага жеткирилген кыз да каза болду

Кечээ болгон каргашада үч адам көз жумган. Арасында ымыркайы менен 18 жаштагы келин да бар экени айтылган болчу. Калганы ооруканага жеткирилген.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Чүйдүн Ивановка айылында болгон жол кырсыгынан жабыркагандардын бири каза болгонун Чүйдүн Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Көлдө журналисттер кабылган жол кырсык: өкмөт алдыдагы унааны күнөөлөдү
Каргаша кечээ болгон. Daymler Chrysler автоунаасы бетон тосмону сүзүп, натыйжада 32 жаштагы айдоочу, 18 жаштагы келин ымыркайы менен мерт болгон.

Үч киши ооруканага жеткирилген. Бүгүн 26 жаштагы кыздын көз жумганы белгилүү болду. Ушу тапта ооруканада 44 жаштагы аял менен анын 23 жаштагы уулу дарыланып жатат.

Буга чейин ЖКККББ жолдогу камера Daymler Chrysler саатына 140 чакырым ылдамдык менен келе жатканын каттап калганын маалымдаган. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, иш иликтенип жатат.