Экономика 2023-жылы калыбына келет. Жапаров ЕАЭБ премьерлери менен жолукту

Мамлекет башчы Кыргызстандын экономикасы пандемияга чейинки деңгээлине 2023-жылы келет деп божомолдонуп жатканын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен жолугушту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жапаров ЕАЭБ өлкөлөрүн чектеш чек аралар эле эмес, достук ынактыгы, экономикалык, саясий, экологиялык жана демографиялык кызыкчылыктар да бириктирип турарын баса белгиледи.

"Бүгүнкү жолугушуу Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында өтүп жатканы көрүнүктүү окуя. Өкмөттөр аралык кеңештин отурумунун жыйынтыгы ЕАЭБ алкагындагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүүсүнө, ишмердүүлүгүн арттырууга салым кошот деп ишенем. Кыргызстан мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу кызматташтыктын тереңдешине өзгөчө маани берип, мындан ары да интеграциялык процесстердин өнүгүүсүнө салым кошоруна ишендирип кетким келет", — деди мамлекет башчы.

Ошондой эле ал коронавирус пандемиясы Кыргызстандын эле эмес уюмдун башка өлкөлөрүнүн да макроэкономикасын алсыратканын белгиледи.

Марипов ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда жаралган тоскоолдуктарды тизмектеди
"Бул экономикалык өсүштүн жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара соода ыргагынын басаңдашына алып келди. Биз өлкө экономикасынын пандемияга чейинки деңгээлине 2023-жылы келет деп божомолдоп жатабыз. 2021-жылы ИДПнын реалдуу өсүшү экономикалык активдүүлүктүн калыбына келгенине жараша 3,8 пайызды түзөт. 2022-2023-жылдары ИДПнын орточо эсеп менен 4,4 пайызга чейин өсөрү божомолдонууда", — деди Жапаров.

Бул божомолдор медициналык вакциналардын жайылышы менен коронавирус жуктургандардын кыскарышын, саясий туруктуулукту кармоону жана тышкы суроо-талапка ылайык соода шарттарынын жакшырышын талап кылат.

Мындан сырткары, Жапаров бүгүнкү күндө ЕАЭБдин бардык мүчөлөрү үчүн өтө маанилүү болуп келе жаткан маселелерге көңүл бурду.

Негизинен:

  • Коронавирус инфекциясынын мындан аркы жайылышына жол бербөө боюнча макулдашылган жолдору. Таасирлүү багыттардын бири катары учурдагы өнүктүрүү институттары менен биргеликте ЕАЭБ өлкөлөрүндө вакцина өндүрүүнү каржылоо мүмкүндүгүн карап чыгуу;
  • Евразиялык экономикалык интеграциянын 2025-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын этаптуу жана сапаттуу аткарууну улантуу зарылдыгы. Бул аракеттер бизге товарлардын, кызматтардын, капиталдын жана жумушчу күчтүн жалпы рыногун калыптандырууга, ЕАЭБдин жалпы рыногун жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатууга, бажыдагы жөнгө салууну азыркыга караганда сапаттуу жогорку деңгээлге чыгарууга, ошондой эле биримдиктин санариптик мейкиндигин калыптандырууга мүмкүндүк берет;
  • Экономиканын приоритеттүү тармактарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен максаттуу өнүгүү программаларын иштеп чыгуу. Бул Евразия өнүктүрүү банкы, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, ошондой эле башка эл аралык финансы институттары тарабынан экономика тармактарын колдоонун универсалдуу жана ийкемдүү инструменттерин түзүү менен байланышта болушу керек.

Кыргыз-Россия бизнес-форумунда талкууланган маселелердин топтому бир видеодо
Сөзүнүн аягында Садыр Жапаров биримдикке мүчө-мамлекеттердин ар биринин потенциалын жогорулатуу, өндүрүштүк чынжырчаны түзүү жана экспорттук потенциалды өстүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Өз кезегинде өкмөт башчылар ЕАЭБ алкагында интеграциялык процесстерди өнүктүрүү жаатында кызматташууну күчөтүүгө, соода-экономикалык алакаларды чыңдоого жана башка бир катар актуалдуу маселелер боюнча өз ара иш жүргүзүүнү улантууга даяр экенин билдиришти.