Чүйдө 48 жаштагы киши изделүүдө. Белгилери

Турсунканов үйүнөн 2021-жылдын 3-июлунан чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Анын оң колунда Т.З.М. деп жазылган татуировкасы, ийининде 5-6 сантиметрлик тырыгы жана оң бутунда да тырыгы бар.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Аламүдүн райондук милициясы 48 жаштагы Замир Турсункановду издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады. 

Чүйдө 48 жаштагы киши изделүүдө. Белгилери

Билдирмеге караганда, ал Аламүдүн районунда айланма жолго жакын "Лагерь труда" фермасы дарегинде турчу. Турсунканов үйүнөн 2021-жылдын 3-июлунан чыгып кеткен боюнча дайынсыз.

Каттоодо турчу. Бишкекте 31 жаштагы Темирбек Шермат уулу изделүүдө
Белгилери: бою 175 сантиметр, арык чырай, кыска кара чачтуу, кырдач мурун, кашы кара, анча узун эмес сакалы бар. Акыркы жолу ак көйнөк, кара шым, бутуна ак түстөгү кроссовка кийип жүргөн.

Өзгөчө белгилери: оң колунда Т.З.М. деп жазылган татуировкасы, ийининде 5-6 сантиметрлик тырыгы жана оң бутунда да тырыгы бар.

Жоголгон киши тууралуу маалыматы барларды Чүй милициясы (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 36-35-27, (0312) 36-35-23,0504 77-22-77, 055034-33-63 телефондоруна чалып коюуну өтүндү.