Бишкекте Россиянын маданият күндөрү кандай өтүп жатат. 15 мыкты сүрөт

Sputnik

Баш калаанын тургундары жана меймандары үчүн көптөгөн иш-чаралар уюштурулду, ал эми маданий чөйрөдөгү кызматташтыкты талкуулоо үчүн РФтен жоон топ делегация келген.
Россиянын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы кечээ Кыргыз улуттук филармонияда болду. Алгач иш-чаранын конокторуна Россия элинин көркөм кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү, кийин аларга фольклордук топтордун концерти тартууланды.

Кыргызстан менен Россиянын маданият боюнча жумушчу топтору кызматташмай болду
Шаңдуу кол чабуулар менен сахнага Россиянын бир катар региондорунун өкүлдөрү чыгышты: Кемеров облусунан келген көмөкөй менен ырдоонун чебери Чылтыс Таннагашева, Башкыртстандан "Йатаган" этно-тобу, Коми республикасынан "Зарни Ёль" элдик музыкалык ансамбли, санкт-петербургдук "Колесо" фольк-шоу-группасы жана Тамбовдон келген “Домино” орус элдик инструменттер ансамбли.

Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын маданий биримдигине арналган конференция өттү. Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде РФтин руханий жана маданий мурасына арналган көргөзмө жана “Низаминин сюжеттери жана образы: Чыгыш менен Батыштын диалогу” көргөзмөсү ачылды.

Кийинчерээк Россиянын илим жана маданият борборунда РФтеги көркөм мектептеринин окуучуларынын мыкты эмгектеринин көргөзмөсү ачылды.

Кечинде филармонияда Санкт-Петербургдун митрополиясынын дин кызматкерлеринин хор концерти башталып, анда россиялык руханий музыкалык чыгармалар, элдик жана XX кылымдын ырлары аткарылды.

1 / 15
Бишкекте Россиянын маданият күндөрү өтүүдө. Маданий чөйрөдөгү кызматташтыкты талкуулоо үчүн Россиядан кеңири программа менен жоон топ делегация келген
2 / 15
Санкт-петербургдук "Колесо" фольк-шоу-группасы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын сахнасында программа тартуулап жатат. Сахналык хореография: жаркыраган, тайманбас, экспрессивдүү көрүнүштөр коллективдин өзгөчөлүгү деп ишенимдүү түрдө айтууга болот
3 / 15
Россия күндөрүнүн ачылыш салтанатына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, россиялык делегацияны маданият министринин орун басары Ольга Ярилова катышты
4 / 15
Сахнада Коми республикасынан келген "Зарни Ёль" (Алтын агым) элдик музыкалык ансамбли өнөр тартуулашты. Алар багыт жана жанрларынын кеңдиги, стили, ошондой эле чеберчиликтери менен айырмаланат
5 / 15
Ырчы Чылтыс Таннагашева көмөкөй менен ырдоонун чебери, мындан сырткары, ал Тайгадагы жаныбарлардын жана канаттуулардын үндөрүн келиштире окшоштурат. Элдик жана автордук музыканы аткарат жана ырдайт
6 / 15
Коми республикасынын өкүлү өз элинин кол өнөрчүлүгүн даңазалоодо
7 / 15
Көрүүчүлөр россиялык артисттердин ырларын шаңдуу кол чабуулар менен тосуп алышты
8 / 15
Руханий кол өнөрчүлүк көргөзмөсүндө Россия элинин улуттук маданиятынын бай тарыхы, көп түрдүүлүгү жана уникалдуулугу чагылдырылды
9 / 15
Башкыртстандын өкүлү өз колу менен жасаган музыкалык аспабында өнөр тартуулады
10 / 15
Башкыртстандан келген өкүл көргөзмөдө улуттук кийими менен
11 / 15
Кечинде филармонияда Санкт-Петербургдун митрополиясынын дин кызматкерлеринин хор концерти башталды
12 / 15
Россиянын маданий борборунун жамааты россиялык руханий музыкалык чыгармаларды, элдик жана XX кылымдын ырларын аткарышты
13 / 15
Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргызстан менен Россиянын маданий биримдигине арналган конференция өттү. Анда алдыдагы кызматташуунун негизги кадамдары талкууланды
14 / 15
Россиянын илим жана маданият борборунда РФтеги көркөм мектептердин окуучуларынын мыкты эмгектеринин көргөзмөсү ачылды
15 / 15
Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде эки уникалдуу көргөзмө ачылды.
Кыргызстан менен Россиянын маданият боюнча жумушчу топтору кызматташмай болду
Жыйын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. Россиянын маданият министринин орун басары макулдашылган маселелер боюнча маалымат берди.