Мушкер Рафаэль Физиев атаандашы менен көз караштар таймашына чыкты. Видео

Кыргызстандык мушкер акыркы беттешин нокаут менен уткан. Ал эми анын атаандашы соңку таймашында жеңилүү ызасын тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиев кезектеги атаандашы Бобби Грин менен көз караштар таймашында кезикти. Мушкерлердин бири-биринин көзүн теше караган учурунун видеосун UFC Russia уюму Instagram баракчасына чыгарды. 

Таймаш 8-августка караган түнү АКШнын Хьюстон шаарында өтөт.

Дастан Шаршеев OPEN FC лигасынын Бишкектеги мелдешинде беттешке чыгат
28 жаштагы Физиев ММА спортунда 10 беттешке чыгып, анын тогузунда жеңүүчү болгон. 2019-жылдын 20-апрелинде UFC лигасындагы дебюттук беттешинде ал россиялык Магомед Мустафаевге каршы чыгып, техникалык нокаут менен утулган.

Анын атаандашы Грин 39 таймаштын 27син утуп, 11 жолу жеңилген. Дагы бир беттешинде тең чыккан.

"Атаман" каймана аты бар кыргызстандык мушкер акыркы жолу 2020-жылдын декабрында UFC 256 мелдешинде бразилиялык Ренато Мойкано менен беттешип, биринчи эле раундда нокаутка кетирип уткан.

Грин соңку ирет өткөн жылы UFC Fight Night 181 мелдешинде бразилиялык Тиаго Мойзес менен таймашып утулган. Калыстар жеңишти бир добуштан анын атаандашына ыйгарышкан.