Ош шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстандан" Салман Назылбеков төрага болду

Спикер шайлоодо эң көп добуш алган партиядан, анын орун басарлыгына экинчи орунду ээлеген саясий уюмдан көрсөтүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Ош шаардык кеңешинин төрагасы болуп "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан Салман Назылбеков шайланды. Бул туурасында шаардык кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Анын талапкерлигин 44 депутат жактырып, бирөө каршы добуш берди.

Ал эми төраганын орун басарлыгына "Биздин Кыргызстан" фракциясынан Шайырбек Нуранов шайланды.

Ош шаардык кеңешине "Ата-Журт Кыргызстандан" Салман Назылбеков төрага болду

Жаңы шайланган депутаттар бүгүн расмий түрдө ишке киришип алгачкы жыйынын өткөрдү.

Ош шаардык кеңешине 45 мандат каралган, бул орундарга жетүү үчүн 11-июлдагы кайра шайлоодо сегиз партия ат салышты. Натыйжада төрт партия жети пайыздык босогодон ашып жеңүүчү аталды.

Ага ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясына - 19, "Биздин Кыргызстанга" - 15, "Улуттар Биримдигине" - 7 жана "Бир Болго" 4 мандат тийди.