Ошто милициянын формасын кийип элди алдаган киши кармалды

Шектүү бирөөнүн телефонун алып кеткен соң кармалып, Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен ага каршы сотко чейинки өндүрүш ачылды.
Sputnik

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ош шаарынын аймагында милициянын формасын кийип элди алдап жүргөн жигит кармалды. Маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 22-июлда саат 23:00 чамасында Ош шаарынын Раззаков көчөсүндө жайгашкан мейманкананын алдында белгисиз жаран шаардын 47 жаштагы тургунунун Samsung A51 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун сурап алып, ал мейманканага кирип чыкканча качып кеткен.

Тайсон боксташып жүрөт. Депутаттар 43 жашында пенсияга чыккан офицерлерди сындады
26-июль күнү аталган окуяга шектелип Ош шаарынын аймагынан Өзгөн районунун тургуну, 28 жаштагы киши кармалып, үй камагына чыгарылган.

Ош ШИИБдин Ак-Буура милиция бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү милициянын формасын кийип, Оштогу жол тескөөчүлөргө дагы өзүн "милиция кызматкеримин" деп тааныштырып жүргөнү аныкталды.