Жер-Үйдөгү алтын кантип алынып жатат. Таластагы кенден 15 сүрөт

Sputnik

Таластагы алтын кен 2021-жылдын март айынан тарта иштетилип баштаган. Анын салтанаттуу ачылышына президент Садыр Жапаров менен Россиянын лидери Владимир Путин видеоконференция форматында катышкан.

Аталган кендеги алтындын запасы 90 тоннаны, ал эми күмүш 25 тоннаны түзөт.

Жер-Үй кенин иштетүү укугу россиялык "Альянс-Алтын" компаниясына таандык. Бүгүнкү күндө шахтада 1 000ге жакын адам иштесе, анын 95 пайыздан ашыгы кыргыздар. Кенде жаратылышты коргоонун бардык эрежелерине жана стандарттарына жооп берген алдыңкы технологиялар жана жабдуулар пайдаланылат.

Талкаланган мөңгү, эңшерилген кен. Кумтөрдүн азыркы көрүнүшү сүрөттөрдө
Компания "Бакубат Талас" жыргалчылык фондун каржылайт. Ал аркылуу Талас облусундагы социалдык долбоорлорду: жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды куруу, суу чарба тармактары, чакан жана орто бизнес ишканаларды насыялоо жана башкаларды ишке ашырууга каражат бөлүнөт.

2016-жылдан бери Талас облусу социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүүнүн алкагында 600 миллион сом алган. Анын ичинен 160 миллиону 332 социалдык долбоорду жүзөгө ашырууга жумшалган. 290 миллион сому 2 135 фермерге жана ишкерлерге жылдык 8 пайыздык үстөгү менен жеңилдетилген насыя катары таратылган.

1-июлга карата кенге жасалган инвестициянын суммасы эки миллиард сомго жеткен. Анын ичинде 360 миллиону салык катары төгүлгөн. Инвестициянын жалпы көлөмү 610 миллион сомдон ашкан деп бааланууда.

Энергетиканын дөө-шаалары. Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтеринин 15 сүрөтү
Комбинат иштей баштагандан бери 440 миң тоннага жакын руда иштетилген. Анын ар бир тоннасында орточо эсеп менен 2,94 грамм алтын бар. Ишкана 99,99 үлгүсүндөгү 1 090 килограмм таза алтын алган.

Эске салсак, 2020-жылдын 6-октябрында объектиге бөтөн адамдар эч кандай уруксаты жок киргендигинен улам Жер-Үй кениндеги жумуш убактылуу токтотулган. Окуя болгон жерден тартылган кадрларда имараттар өрттөнүп жаткандыгы көрүнүп турат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Жер-Үйдөгү башаламандыктын кесепетинен келтирилген чыгымдын көлөмү 15-20 миллион долларды түзгөн.

1 / 15
Кыргызстандагы Жер-үй алтын кениндеги комбинат беш айдан бери иштеп жатат. Сүрөттө жардырылуучу скважиналарды бургулоо иши жүрүүдө
2 / 15
Таластагы алтын кен 2021-жылдын март айынын орто ченинен тарта иштетилип баштаган. Сүрөттө экскаватор кенди жүктөп жатат
3 / 15
Жер-үй кенин иштетүү укугу россиялык "Альянс-Алтын" компаниясына таандык. Сүрөттө карьердеги жүк ташуучу унаалар
4 / 15
Бүгүнкү күндө шахтада 1 000ге жакын адам иштесе, анын 95 пайыздан ашыгы кыргыздар. Сүрөттө Талас алтын кен комбинатынын кызматкери
5 / 15
Жер-үй кениндеги алтындын запасы 90 тоннаны түзөт, мындан сырткары, 25 тонна күмүш бар
6 / 15
Жергиликтүү активисттер кенди ээлеп алганда жабыркаган жүк ташуучу унааларды калыбына келтирүү учуру. 2020-жылдын 6-октябрында объектиге бөтөн адамдар эч кандай уруксаты жок киргендигинен улам Жер-үй кениндеги жумуш убактылуу токтотулган. Окуя болгон жерден тартылган кадрларда имараттар өрттөнүп жаткандыгы көрүнүп турат. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Жер-үйдөгү башаламандыктын кесепетинен келтирилген чыгымдын көлөмү 15-20 миллион долларды түзгөн
7 / 15
Комбинат иштей баштагандан бери 440 миң тоннага жакын руда иштетилген
8 / 15
Ар бир тоннадагы рудада орточо эсеп менен 2,94 грамм алтын бар. Сүрөттө кенди кайра иштетүүчү цех
9 / 15
Жер-үйдө жаратылышты коргоонун бардык эрежелерине жана стандарттарына жооп берген алдыңкы технологиялар жана жабдуулар пайдаланылат
10 / 15
Кыргызстандагы Талас алтын кен комбинатынын кызматкери иш учурунда
11 / 15
Талас алтын кен комбинатынын химиялык-металлургиялык цехинде алтын куймасы алынууда
12 / 15
Доре эритмеси (алтын-күмүштүү эритме, анын 85-88 пайызын алтын түзөт, күмүш 10-14 пайыз жана аралашмалар 3 пайыздын тегерегинде)
13 / 15
Компания Бакубат Талас жыргалчылык фондун каржылайт. Ал аркылуу Талас облусундагы социалдык долбоорлорду - жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды куруу, суу чарба тармактары, чакан жана орто бизнес ишканаларды насыялоо жана башка долбоорлорду ишке ашырууга каражат бөлүнөт
14 / 15
Ишкана учурда 99,99 үлгүдөгү 1 090 килограмм таза алтын өндүрдү
15 / 15
2016-жылдан бери Талас облусу социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөктөшүүнүн алкагында 600 миллион сом алышкан. Анын ичинен 160 миллиону 332 социалдык долбоорду ишке ашырууга жумшалган. 290 миллион сому 2 135 фермерге жана ишкерлерге жылына 8 пайыздык үстөгү менен жеңилдетилген насыя катары таратылган.