Эшикке чыгып убара болбойсуз. ПЦР-анализдин жыйынтыгын онлайн билүүгө болот

Телефон менен колдонуп жаткан адам. Архив
Министрликтен тапшырган тесттин жыйынтыгын билүү үчүн чалып же бир жакка баруунун кажети жоктугун айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Коронавирус боюнча ПЦР-анализин тапшыргандар анын жыйынтыгын онлайн форматында электрондук саламаттыкты сактоо булагы аркылуу ала алышат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлады.

"ПЦР" кошумча баракчасына колдонуучу өзүнүн маалыматтарын (өзүнүн ПИН-кодун жана паспорттук маалыматтарын) киргизүү менен акыркы анализинин натыйжаларын көрө алат. Тесттин жыйынтыгын билүү үчүн сиз чалып же бир жакка баруунун кажети жок", — деп айтылган маалыматта.

Аталган министрликтен бул жарандарга ыңгайлуулук жаратуу максаты көздөлгөндүгүн айтты. Андан сырткары, медициналык маалыматтарды оңой алууда санариптик чечимдерди ишке ашыруудагы иштердин бири экендигин билдирди.

Руководитель Центра по контролю за вирусными инфекциями Зуридин Нурматов
Эмдөөгө чейин жана кийин антителону текшерүү керекпи? Вирусологдун жообу
"Зарылчылыкка жараша ПЦР-анализдин натыйжаларын алуу кызматы жакшыртылат. Кызмат тест режиминде ишке киргизилди", — деп айтылган маалыматта.

Учурда Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар салыштырмалуу азайып бара жатканы айтылды. Анткен менен медиктер, адистер элди COVID-19га каршы вакцина алуу зарылдыгын эскертүүдө. Мындай кайрылууну бүгүн президент Садыр Жапаров да жасаган.