Мэр, ветеринар, жумушсуз. Токмок шаарында мандатка жеткендердин тизмеси

Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат. Токмок шаардык кеңешине 31 мандат каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Токмок шаардык кеңешине депутат болчулардын болжолдуу тизмеси белгилүү болду.
Кайра шайлоого катышкан алты партиянын бешөө жеңишке жетип, бир гана "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 1,65 пайыз добуш менен өтпөй калган. Токмок шаардык кеңешине 31 мандат каралган.
Добуштардын 7 пайызына ээ болгон партия жеңүүчү деп таанылат. Материал партиялардын БШКга берген тизмесинин негизинде даярдалды.
Мандаттар төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

"Бирге — Вместе" — 10 мандат

"Эмгек" — 8 мандат

"Асыл мурас жаштар" — 5 мандат

"Патриот ынтымагы" —  4 мандат

"Эл биримдиги" — 4 мандат

Белгилей кетсек, эгер кимдир бирөө мандаттан баш тартса, артында турган талапкер депутат боло алат.
Ошондой эле расмий жыйынтык чыкканда мандаттардын бөлүштүрүлүшү өзгөрүшү мүмкүн.