Дарыгер терди азайтуунун жол-жобосун айтып берди

Дерматовенерологдун айтымында, терди азайтуу үчүн таза жуунгандан тышкары антиперспиранттарды туура пайдаланууну билиш керек.
Sputnik
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Жайкысын киши көп тердеп, мындан улам бир топ ыңгайсыздык жаралат. Дерматовенеролог Юлия Нагайцева Sputnik радиосунун эфиринде тердин бөлүнүшүн азайтуу жолдорун айтып берди.
"Тердөө — бул тирүү организмде боло турган нормалдуу көрүнүш, мындай жол менен дене өзүн катуу ысып кетүүдөн коргойт. Болгону анын жагымсыз жыты көйгөй жаратпаш үчүн гигиенаны сактоо керек. Биринчиден, эртели-кеч жуунган учурда колтукту бактерияларды жок кыла турган гель же самын менен жышып жууп коюу керек", — деди адис.
Андан соң дарыгер антиперспирантка көңүл буруу керектигин айтат.
Ысып, табит тартпай жатканда кантип тамактануу керек? Адистин кеңеши
"Азыр тердетпей турган каражаттар абдан көп. Адатта биз аны эртең менен үйдөн чыгарда пайдаланабыз. Бирок аны кечкисин жатар алдында колтукка сүйкөп же сээп коюу керек. Таң аткыча анын курамындагы алюминий хлориди май бездеринин иштөөсүн токтотуп коет дагы, ал күнү адам аз тердейт. Ал эми жагымдуу жыт берүүчү дезодаранттарды эртең менен себинүү керек", — деп түшүндүрдү дарыгер.
Ошондой эле ал жайкысын көп тердебеш үчүн туура тамактануу керектигин эскертет. Мисалы, спирт ичимдиктери менен туздуу азыктар тердин көбүрөк бөлүнүп чыгышын шарттайт.