Этникалык кыргыздарга КР жарандыгын берүү тартиби жеңилдетилди

Мындай чечим этникалык кыргыздардын, анын ичинде кыргыз улутундагы жарандардын укуктук статусун жөнгө салуу максатында кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров "Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын КР жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу" жарлыкка кол койду.
Мындай чечим этностук кыргыздардын, анын ичинде Кыргызстандын аймагында жүргөн кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын укуктук статусун жөнгө салуу максатында кабыл алынганы айтылат.
Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 31-декабрына чейин белгиленген.
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар жалпы жарандык паспортту элчиликтен ала алат
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарлыкта жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткаруу, жасалган иштер жөнүндө маалыматты президенттик администрациянын жарандык боюнча комиссиясынын катчылыгына ай сайын берип туруу тапшырылды.
Жободо жеңилдетилген тартипте жарандык алууга керектүү документтер жана бийликтин аракеттери көрсөтүлгөн. Документ менен президенттин сайтынан тааныша аласыздар.