Военно-Антоновкадагы баланын өлүмү боюнча комиссиянын жыйынтыгы чыкты

Мамлекеттик органдар менен министрликтерге бир катар тапшырмалар жана сунуштар берилген. Анын ичинде балдар үйүнүн директорун кызматтан бошотуу каралган.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова мамлекеттик органдар жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө боюнча иш-чараларды жыйынтыктады.
Президенттик администрациянын билдиришинче, Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жарандык сектордун сын-пикирин жана сунуштарын эске алуу менен корутунду чыгарылды.
Анда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу маселелери боюнча жүргүзгөн иштеринин деңгээли төмөн болуп жаткандыгына көңүл буруу зарыл экени айтылат.
Радио
Аманбаева: аксакалдар сотуна аялдарды да киргизүү зарыл
Ошондой эле мамлекеттик органдардын уюмдарынын жана аймактык түзүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери өз милдеттерин талаптагыдай аткарбай жаткандыгы аныкталган.
Мындан сырткары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен уюмдары, мекемелери ортосунда ведомстволор аралык координациялоо иштери жүргүзүлгөн эмес.
Жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге, мамлекеттик органдарга жана уюмдарга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:
Министрлер кабинетине сунуш:
Эске салсак, балдар үйүнүн 13 жаштагы тарбиялануучусунун каза тапканы тууралуу маалымат тараган. Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуу болгон.
Радио
Турдубекова: кодекстин жаңы редакциясында балдар үйлөрүн жабуу каралган
Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынан четтетүү тууралуу кат жолдогон. Маркумдун агасы Богдан Якунин президентке кайрылуу жолдоп, бул иштин тергелишин өзүнүн көзөмөлүнө алууну суранган. Кайрылуусунда иниси токмок жеп каза болду деген шек жаралып жаткандыгын айткан.
30-июнда Якуниндин өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыгып, бала сабалганы тастыкталган. Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Адам өлүмүнө алып келген денеге оор залал келтирүү") боюнча иш козгогон.