Айтса санаты бүтпөгөн Саякбай. Улуу манасчынын көпчүлүк көрө элек сүрөттөрү

Sputnik

Саякбай Каралаев "Манасты" эл алдында 1925-жылдан баштап толук айткан. 1930-жылдардын баш чендеринен тартып манасчы катары коомчулукка билинип, 1935-жылдан тартып андан эпостун тексттери жазыла баштайт. 1936-жылдан Каралаевдин толук варианты боюнча "Манас" эпосун жазуу иши башталып, 1937-жылы үчилтиктин биринчи бөлүгү, кийин "Семетей", "Сейтек" жазылып алынган. Мурда белгисиз Кенендин, Алымсарыктын жана Кулансарыктын окуялары эпостун уландысы болгон. "Манас" эпосунун бул вариантынын жалпы көлөмү 500 553 ыр сабын түзгөн.

Ошентип "Манас" дүйнөдө өзү сыяктуу чыгармалардын ичиндеги көлөм жагынан теңдеши жок эпос болсо, Саякбай Каралаев манасчылардын арасындагы эң чоң варианттын жаратуучусу.

Кара көз айнекчен Саякбай Каралаев менен залкарлар чай үстүндө. Таберик сүрөт
Казак элинин белгилүү алп жазуучусу Мухтар Ауэзов Саякбай Каралаевдин айтуусундагы "Манас" эпосун жаздыртуу учурунда катуу таасирленип, көз жаш төккөн да жайы бар. Кийин ал киши улуу манасчыга "Акыркы могикан" деген сыймыктуу ат ыйгарган.

Манасчы 1938-жылдан баштап СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болот. Кыргыз искусствосунун Москвада өткөн 1-декадасынын жана андан кийинки декадаларга да катышат. Ал эми 1935-1954-жылдары филармонияда иштеген.

Каралаев "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинен сырткары "Эркин таңында", "Эр Төштүк", "Бүркүттөр", "Канаттуу куштар", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Эстен кетпейт", "Томор мерген" сыяктуу аңгеме, жомокторду жараткан.

Каралаев мүнүшкөр дагы болгон. Бул анын жан дилин берген сүйүктүү иши эле. Ал "Көйрөңкара", "Боз жигит", "Күлдүбадам", "Карачолок" деген бүркүттөрүн Көлдөгү туугандарына бактырып, шаардан колу бошор менен Көлгө барып бүркүт салып турган. "Карачолок" аттуу бүркүтү менен кинофильмге тартылып, анысы эстелик болуп калды.

1971-жылдын майында улуу манасчы ооруканага түшүп калып, эч кимди тааныбай калган. Бирок оору менен алышып жатса да оозунан түшүрбөй  "манас" күңгүрөнүп, унуткан эмес. Акыркы деми калгыча "Манас" айткан Каралаев 77 жашында дүйнө салган.

Саякбай Каралаевге 1939-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти наамы ыйгарылган.

Сакадай бою сары алтын, улуу манасчы Саякбай Каралаев жөнүндө кызыктуу 15 факты
Улуу манасчынын айкелин скульптор Тургунбай Садыков 1962-жылдары манасчыны эптеп көндүрүп алып келип, маңдайына отургузуп коюп жасаган экен. Бул окуяны бедизчи кийин кыргыздын Гомерин эскерүү учурунда айтып берген.

Каралаевдин элесин полотного түшүргөн сүрөтчүлөр да болгон. Белгилүү сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов эки ирет тартып, буга жети жылдык өмүрүн короткон экен.

Мындан тышкары, Саякбай Каралаевге арнап режиссёр Болот Шамшиев "Манасчы" даректүү фильмин тарткан. Бул тасма Германияда өткөн сынакта 80 фильмдин ичинен баш байгени багынтып, алтын медаль алат. Андан кийин да белгилүү режиссёр Мелис Убукеев "Саякбай Каралаев" аттуу үч бөлүктөн турган кинокартина жараткан. Режиссёр 1988-жылы бул линияны "Улуу манасчы" аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу фильм менен уланткан.

Кийинки жылдары Эрнест Абдыжапаров да манасчынын бейнесине багыштап көркөм фильм жаратты.

Ошондой эле 2000-жылы чыгарган 500 сом өлчөмүндөгү кагаз акчага Улуттук банк Саякбай Каралаевдин сүрөтүн түшүргөн.

1 / 18
1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосу жана адабияты декадасынын катышуучусу Саякбай Каралаевдин "Манас" айткан учуру. "Кызыл Кыргызстан" гезити 1945-жылы 30-октябрдагы санына декада учурунда буркан-шаркан түшүп айтылган "Манасты" уккан Сталин Каралаевдин талантына таң бергенин жазган
2 / 18
Каралаев 1935-1954-жылдары филармонияда иштейт, бир нече ирет маданий кечелерге катышып Москвага да барган. Ошондой иш-чаралардын биринде акын Абдыкалык Чоробаев, төкмө акын Алымкул Үсөнбаев, жазуучу Аалы Токомбаев жана манасчы Саякбай Каралаев сүрөткө (солдон оңго) түшкөн. Москва, 1961-жыл
3 / 18
Москвада өткөн Тоголок Молдону эскерүү кечесинде тартылган сүрөт. Акын-жазуучулар (солдон оңго) Абдыкалык Чоробаев, Касымалы Жантөшев, Николай Грибачев, манасчы Саякбай Каралаев жана өзбек акыны Гафур Гулям маектешүүдө
4 / 18
Манасчы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн I декаданын жана кийинки декадалардын катышуучусу. Анын советтик кыргыз маданиятын өнүктүрүүдөгү орчундуу эмгеги жогору бааланган. Сүрөттө манасчы Саякбай Каралаев, акын Кубанычбек Маликов, артисттер Кемел Албанов жана Имаш Эшимбеков. Каралаевдин абдан тамашакөй болгону айтылып келет
5 / 18
Саякбай маектеринин биринде "өмүрүмдө бир жолу ырахат алдым. "Манасты" толук айтып, 23 күн Солтон-Сарыда жүрдүм" деген. Ал тамагын эртең менен сары май менен майлап алып, чарчаганда эс алып, 23 күн бою "Манас" айткан экен
6 / 18
Манасчы Саякбай Каралаев кыргыз эл акыны Темиркул Үмөталиев менен түшкөн сүрөт. Улуу манасчы 1938-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон
7 / 18
Саякбайдын айтуусунда Манас, Семетей, Сейтек бөлүмдөрү, Кенендин жана анын уулдары Алымсарык менен Кунансарыктын окуялары кагазга түшүрүлгөн
8 / 18
Саякбай Каралаев өз үйүндө, жакындарынын курчоосунда отурат. Улуу манасчынын эки уулу жана төрт кызы болгон. Фрунзе шаары
9 / 18
Акыркы могикан аталган Саякбай Каралаев үй-бүлөсү менен. 1959-жыл
Тулку боюна Манасты сиңирген Саякбай уулдарына да эпостогу ээрчишкен баатырлар өзүнө жакын Чубак менен Сыргактын ысымын ыйгарган
10 / 18
Жергиликтүү кеңешти шайлоо учуру. Фрунзе шаарындагы №18 шайлоо участкасында манасчы, Кыргыз ССРинин эл артисти Саякбай Каралаев байбичеси Бейшекан, келини Азим менен добуш берип жаткан кези. 1965-жыл
11 / 18
Белгилүү прозаик, драматург, балдар жазуучу Шүкүрбек Бейшеналиев, манасчы Саякбай Каралаев жана улуу манасчынын байбичеси Фрунзе шаарында. 1966-жыл
12 / 18
Каралаевдин байбичеси менен түшкөн сүрөтү. Манасчы 1916-жылдагы Үркүндөн кийинки эл башына түшкөн кыйын күндөр кайта элек, ачкачылык мезгилинде үйлөнүптүр
13 / 18
Саякбай Каралаев "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинен сырткары "Эркин таңында", "Эр Төштүк", "Бүркүттөр", "Канаттуу куштар", "Унутулгус күндөр", "Делдеш баатыр", "Эстен кетпейт", "Томор мерген" сыяктуу чыгармаларды жараткан.
Солдон оңго: Абдрасул Токтомушев, Саякбай Каралаев, балдар жазуучусу Касым Каимов, акын Райкан Шүкүрбеков жана Шүкүрбековдун жубайы Ажар
14 / 18
Кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов: "Эгер менден өз элиңдин улуу адамдарынан кимди билесиң деп сураса, биринчи кылып Саякбай Каралаевди айтар элем", - деген.
15 / 18
Ысык-Көлдө манасчы Саякбай Каралаевдин 100 жылдыгын белгилөөгө арналып каз катар тигилген боз үйлөр. 1994-жыл
16 / 18
Улуу манасчынын Тоң районунун Ак-Өлөң айылында өткөрүлгөн 100 жылдыгында Карасаевдин кызы журналисттерге интервью берүүдө. 1994-жыл
17 / 18
Ысык-Көлдө кино тартып жаткан учур. Колуна "Карачолок" аттуу бүркүтүн кондуруп алган залкар манасчы Саякбай Каралаев менен СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, КРдин эл артисти Болот Шамшиев жана киночулардын сүрөтү. 1964-жыл
18 / 18
Залкар манасчынын образы кыл калем чебери, актер Сүймөнкул Чокморов тарабынан бир эмес, эки ирет жаратылган. Чокморовдун "Саякбай Каралаев" сүрөтү