БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Дүйнөнүн учурдагы чемпиону болуп турган Франциянын курама командасы Швейцариядан утулуп, Евро-2020 оюнунан четтетилди.
Кечээ Румыниянын Бухарест шаарындагы "Националь" стадионунда футбол боюнча Европа чемпионатынын 1/8 финалдык беттеши өтүп, анын алкагында Франция менен Швейцария беттешкен.
Алгачкы эсепти оюндун 15-мүнөтүндө Швейцария курама командасынын чабуулчусу Харис Сеферович ачкан. 57 жана 59-мүнөттөрдө Франция командасынын чабуулчусу Карим Бензема атаандаштардын дарбазасына топ киргизип, эсепти 2:1 кылган. 75-мүнөттө Пол Погба француздар үчүн дагы бир гол киргизген.
Бирок Францияга ийгилик көпкө жылмайбады. Оюндун 81-мүнөтүндө швейцариялык Сеферович кайрадан гол киргизсе, 90-мүнөттө бир командада ойногон Марио Гавранович дагы бир топ киргизип, ийгилик жараткан.
Негизги беттеш 3:3 эсеби менен аяктаган. Кошумча берилген убакытта да жеңүүчү аныкталбай, пенальтиде гана 5:4 эсеби менен швейцариялыктар уткан.
Натыйжада Швейцария Евро-2020 оюнунун чейрек финалына чыгып, Испания менен ойномой болду. Оюн 2-июлда Санкт-Петербургда өтөт.