Милиция дыйкандардын Бишкек — Ош жолун тоскону боюнча кылмыш ишин козгоду

Милициянын билдиришинче дыйкандар жолду 10 мүнөттөн ашык тосуп турган. Учурда автоунаалар тоскоолдуксуз каттап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Москва районунун Петровка айылында Бишкек — Ош унаа жолун тоскон дыйкандар боюнча сотко чейин өндүрүш ачылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Москва районунун Петровка айылында Бишкек — Ош унаа жолун тоскон дыйкандар боюнча сотко чейин өндүрүш ачылды
2 / 2
Билдирмеге караганда, бүгүн саат 15:54төр чамасында Жайыл районунун тургундары суу тартыштыгына нааразычылыгын билдирип негизги трассаны тоскону тууралуу милицияга маалымат түшкөн.
Билдирмеге караганда, бүгүн саат 15:54төр чамасында Жайыл районунун тургундары суу тартыштыгына нааразычылыгын билдирип негизги трассаны тоскону тууралуу милицияга маалымат түшкөн.
"Аталган жерге Москва райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Мындан сырткары, коомдук тартипти сактоо үчүн милиция кызматкерлери да тартылган. Алар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тиешелүү түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин жол саат 16:05те ачылды", — деп айтылат маалыматта.
Чүйдүн суу чарба жетекчилигине чара көрүлмөй болду. Жунушалиев канал кыдырды
Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
Бул жылы Чүй облусунда суунун таңсыктыгы дыйкандарды чоң түйшүккө салууда. Алар тарыхта биринчи ирет ушундай кургакчылык болуп жатканын айтышат. Sputnik Кыргызстандын кабарчысы буга чейин Чүй өрөөнүндөгү дарыялардын башына барып, суу жетпей жатышынын себебин билип келген.