БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Министрлер кабинети Кытайдан коронавируска каршы вакцина сурады. Өкмөттүн маалымат кызматынан бул маселе министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолукканда көтөрүлгөндүгүн кабарлашты.
Жолугушууда эки тарап COVID-19га мындан ары кантип каршы туруу боюнча маселелерди сүйлөшкөнү айтылды.
Кытай тараптын бекер берген "Sinopharm" вакциналары жакынкы күндө Кыргызстанга алынып келери туурасында да сөз болгон.
"Сиздерди кыргыз тарапка кытай вакциналарын алууга жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз жана бул маселе жакынкы күндөрдү чечилет деп үмүт артабыз", — деген Бакашова.
Буга чейин Кыргызстан япон өкмөтүнөн да коронавируска каршы 1,1 млн. доза вакцина жана аны сактаган муздаткыч сураган.