Кырсыктан кийин... Бишкек — Ош унаа жолунун жыртык-тешиги бүтөлүүдө

Түндүк менен түштүк региондорун бириктирип турган жолдогу аң-чөнөктөр күн сайын көбөйүп, айдоочуларды кырсыкка кептей турганы да айтылып келет.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолу оңдоодон өтүп, жыртык-тешиги бүтөлүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, Бишкек — Ош жолунун оңдоо иштери 61-чакырымдан 103-чакырымга чейин жүргүзүлдү. Башкача айтканда, 719 чарчы метр жерге 117,9 тонна асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү. Ал эми Суусамыр өрөөнүндө 152-чакырымдан 196-чакырымга чейинки 2 380 метр чарчы жолго 390,4 тонна аралашма колдонулган.
Аңгектен качсаң дөңгөккө кептеп... Бишкек — Ош жолунан кейиштүү кадрлар
Учурда болсо Бишкек — Ош унаа жолунун 184-209-чакырымында жамоо иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле жакынкы убакта Төө-Ашууда асфальттын эски катмары алынып, жаңысы төшөлөрү кошумчаланды. Жолдун жээктери бекемделип, белгилерди орнотуу иштери жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, бул жолдордун абалын жеринен көрүп, көйгөйдү коомчулукка жеткирүү максатында Sputnik Кыргызстандын кабарчылары Ошко сапар алып, видео материал даярдаган.
Айдоочуга сыноо, жүргүнчүгө азап берген жол. Бишкек — Ош трассасынан репортаж
Бишкек — Оштун бүтпөгөн жолу айдоочулардын айласын кетирип келет. Узаган аптанын дем алыш күндөрү өлкөнүн негизги трассаларында 15 адам набыт болгон. Айдоочулар аңгектен качсаң дөңгөккө кептеген жол каргашанын бир себеби болуп жатканын айтышууда.
Буга президент Садыр Жапаров да көңүл буруп, ИИМге жол кырсыктарын алдын алуу ишин күчөтүүнү тапшырган.