Бизнесмен Генрих Балян мамлекетке канча акча төлөшү керек? УКМКнын жообу

Буга чейин ишкер УКМКнын атайын эсебине 60 миллион сом которгон. Кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. "Карвен Групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян мамлекетке буга чейин алган кредитинин суммасы менен күрөө боюнча айырманын суммасын төлөп бериши керек.
"Карвен Групп" компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Генрих Балян
Балян алдамчылыкка айыпталып, 15-июнда кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, бизнесмен мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкерлери менен бирге 2,3 миллион доллар өлчөмүндө "жалган" адамга насыя алууга аракет жасаганы айтылган. Бул үчүн ликвиддүү эмес кыймылсыз мүлктү өтө жогору баалап (670 миң доллар) күрөөгө койгондугу маалымдалган.
УКМКдан билдиришкендей, эми Балян буга чейин которгон 60 миллион сомду (710 миң доллар) эске алганда мамлекетке 2,3 миллион доллар төлөп бериши керек.
"Күрөөгө коюлган объект боюнча чыгымды банк эсептеши керек", — дешти УКМКдан.
Эске салсак, буга чейин сот Баляндын баш коргоо чарасын карап, 15-августка чейин үй камагына чыгарган. Сот анын мамлекетке 60 миллион сом которгонун эске алган болчу.