Акын Азамат Болгонбаев Чүй облустук драма театрына жетекчи болду

Азамат Болгонбаев төкмө акындардын "Айтыш" сынагынын көп жолку жеңүүчүсү. Ал КТРКда Байкоочу кеңештин мүчөсү жана төрагасы да болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Акын Азамат Болгонбаев Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрына директор болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Ага ылайык, тиешелүү буйрукка маданият министри Кайрат Иманалиев кол койгон.
34 жашында студент болгон Тууганбай Абдиев. Улуу акындын жашоосундагы ирмемдер
Азамат Болгонбаев 1983-жылы 29-октябрда Бишкек шаарында туулган. 2000-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы окуу жайынын "Оркестр жана хор дирижерлугу" факультетин аяктаган. Акын жана дастанчылык өнөрү боюнча КР эл артисти Замирбек Үсөнбаевдин классынан сабак алган.
Буга чейин ал КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү жана төрагасы, республикалык "Айтыш" коомдук фондунун мурдагы теңтөрагасы болгон. Болгонбаев "Устат" академиясынын негиздөөчүсү. Ал республикалык жана эл аралык деңгээлдеги төкмө акындардын "Айтыш" сынагынын көп жолку жеңүүчүсү катары белгилүү.
Маданият тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн КРдин эмгек сиңирген артисти наамына ээ болгон.