Бишкек: жамгырдан соң көл пайда болгон жол эми оңдолот

Киркомстромдогу жамгыр жааган сайын суу топтоло берчү жолго түтүктөрдү коюу маселеси кайрадан көтөрүлүп, тапшырма берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев өлкөнүн бир катар жолдорун оңдоо жана куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Сапардын алкагында төмөнкү жол тилкелеринин курулушу менен таанышкан:
"Сапардын жыйынтыгы боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, борбор калаанын кире беришиндеги автотыгынды кыскартуу максатында Бишкек шаарынын мэриясына Абакан көчөсүн ондоо жана Камчатск көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү сунушталды. Ал эми Сокулук районунун акимчилигине Новопавловка айылында ирригациялык тармакты орнотуу тапшырылды", — деп айтылат маалыматта.
Марипов суу каптаган көчөлөр боюнча маселени көзөмөлгө алган эле. Видео
Ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 1-августка чейин Киркомстром аймагындагы (500 м.) жолду, анын ичинде Ден Сяопин проспектиси менен Алыкулов көчөсүнүн кесилишиндеги ирригациялык тармактарды реконструкциялоону буюрган.
Белгилей кетсек, аталган жолго жаан жааган сайын суу топтоло берип министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов эки ирет тийиштүү органдарга тапшырма берген