БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Тажикстан менен Кыргызстандын комиссиясынын биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июнда, "Карамык" чек ара тилкесинде эки тараптын мамлекеттик комиссияларынын башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдин жолукканы айтылат. Тараптар чек ара тилкесинде жаралган кырдаал тынчтык жолу менен чечилгенин билдирген.
Жыйынтыгында төмөнкүдөй протоколго кол коюлду:
Белгилей кетсек, 4-июнга караган түнү саат 03:00дөр чамасында тажик тарап Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак аймагындагы такталбаган жерге 1000 метрге чейин кирип келип, контейнер коё баштаган. Ошол эле учурда тажик аскерлери автоунаа жана жеңил брондолгон техникалары менен топтолгону байкалган.
Кыргыз өкмөтү муну менен буга чейин жетишилген кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери боюнча өкмөттөр аралык делегациянын келишими бузулганын белгиледи.
Бирок Тажикстандын ТИМи аскердик наряд Тажикстандын өзүнүн аймагында, буга чейин такталган, эки тараптын биргелешкен протоколу менен макулдашылган жеринде турганын билдирүүдө.
Кечээ, 4-июнда, Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундарын эвакуациялоо башталган.
Ал эми бүгүнтөн тарта көчүрүлгөн эл кайра айылдарына жеткириле баштаган.
Чек ара кызматы түн тынч өткөнүн кабарлаган.