Грек-рим боюнча күрөштүн балбандары Түркиядагы мелдешке Грузиядан даярданышат

Стамбулдагы беттешке 12 балбан катышат. Мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында Бакуриани шаарында машыгуу өткөрүшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команда Түркиядагы Vehbi Emre & Hamit Kaplan эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Эл аралык турнир 17-20-июнь күндөрү Стамбул шаарында өтөт.
Спортчулар мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында 5-17-июнь күндөрү Бакуриани шаарында (Грузия) машыгуу өткөрүшөт.
Турнирге жана машыгууга 12 атлет катышат:
Балбандарды улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков менен башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев коштоп барат.
Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча курама команда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлөт.