Журналист Канат Каниметов тергөөчүнү сотто утту

Журналист тергөөчүнүн сурактагы маалыматтарды ачыкка чыгарбоого кол койдуруп алганына нааразы болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Сот "Апрель" телеканалынын кабарчысы Канат Каниметовго Аламүдүн РИИБдин тергөөчүсүнө каршы жазган арызын канааттандырды.
Буга чейинки журналистке Жоруктар кодексинин 119-беренесинин ("Майда бейбаштык") негизинде иш ачылганы маалымдалган.
Соттун чечимине ылайык, 12-майда Каниметов социалдык тармакта президент тууралуу жазган билдирүүсүнө байланыштуу күбө катары суракка алынган. Журналист тергөөчүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине, тагыраагы, укук коргоо органынын кызматкерлери маалыматты ачыкка чыгарбоого кол койдуруп алганына нааразы болгон. Каниметов маалыматты жайылтуу анын конституциялык укугу экендигин белгилеген.
Иса Өмүркуловдун уулунун велосипедчен кызды сүзүп кеткени боюнча иш жабылды
Соттун чечиминде жактоочу Нурбек Сыдыковго таянуу менен тергөөчү мындай кол койдуруунун себебин түшүндүрө албай койгону айтылат. Каниметов документте тергөөчүгө даттанарын билдирген.
Аламүдүн райондук сотунун судьясы арызды канааттандырып, сурак берген адам эң жогорку баалуулуктар —  жарандын укугу жана эркиндиги экендигин билиши керектигин белгилеген.