Оштон — Көлгө, Таластан — Жалал-Абадга. Жапаров ротациялаган акимдердин тизмеси

Президенттин жарлыгын ишке ашыруу үчүн атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан акимдер аттестациядан өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы менен айрымдар иштен кетсе, кээ бирлери башка районго аким болду.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жарлыктарына ылайык, өлкөдөгү райондук администрациялардын башчылары, тагыраагы, акимдер ротацияланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Ротациянын негизинде Жети-Өгүз менен Өзгөндүн акимдеринин иш орундары алмашса, Ак-Талаанын акими Араванга кетип, Аравандын мурдагы жетекчиси Сокулук районун башкарып калган.
Тизмеге көз салып, Кыргызстандагы райондун башчылары аймактык өтө айырмачылыктар менен алмашкандыгын байкоого болот.
"Бул документти ишке ашыруу үчүн атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия акимдерди аттестациядан өткөрдү. Мындан тышкары Мамлекеттик кадр кызматы талапкерлерди аймактык кадрлар резервине тандашты", — деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн аттестациянын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчынын жарлыктарына ылайык төмөнкү акимдер ротация болду:
"Жапаровдун "Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө" жарлыгынын максаты — мамлекеттик жана муниципалдык кызматка жеткиликтүүлүктү акыйкат камсыз кылуу, дискриминацияга жол бербөө жана мамлекеттик кесипкөй аппаратты түзүү", — деп билдирди маалымат кызматы.
Ротацияга Баткен облусу кирген эмес. 5-майда ал кездеги премьер-министр Улукбек Марипов Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондоруна жаңы акимдерин дайындаган буйрукка кол койгон.