Сыймык! Бегалиевди таптаган Ахметов Олимпиада оюндарында рефери болот

UWW ири мелдешти тескей турчу 50 кишини бекиткен. Калыстарды тандоо процесси эки жылга созулуп, катуу талаптар коюлуп, добуш берүү жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Белгилүү балбандардын машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарында калыстык милдетти аркалайт. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы билдирди.
Спортчу Арстанбек Базаркулов Паралимпиадага жолдомо алды
Белгилүү машыктыруучу Мейрамбек Ахметов Кыргызстанда бир топ балбанды тарбиялаган. Шакирттеринин бири Канат Бегалиев 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль алып кайткан. Ошондой эле Арсен Эралиевдин жана Акжол Махмудовдун да машыктыруучусу.
Sputnik Кыргызстан редакциясы буга чейин Ахметов менен баарлашып, эмгек жолу тууралуу сүйлөшкөн.