Мелис Аспековдун чуулуу билдирүүсү. ИИМ факты боюнча иш козгоду

Буга чейин Мелис Аспеков Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясы экс-президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан каржыланганын жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
УКМКнын тергөө абагында жаткан активист Мелис Аспеков буга чейин соцтармакка билдирүү жарыялаган. Анда ал президент Садыр Жапаров шайлоо алдындагы кампаниясына Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алганын жазган. Анын айтымында, президент шайлоо алдында ишенимдүү адамдары аркылуу добуштарды сатып алган.
УКМК Аспеков Жапыкеевге каршы көрсөтмө бербегенин маалымдады
14-майда факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. ИИМдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") менен сотко чейинки тергөө амалдарын баштады.
Буга чейин президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Аспековдун айткандары караандай калп деп айыптоосун четке каккан.
Активисттин чуулгандуу билдирүүсү боюнча экс-президент Жээнбековдун адвокаты да үн катып, аны сотко берерин билдирди.