БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кумтөрдөн алтын казган Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандын саясий процессине кийлигишип, президенттик шайлоого таасирин тийгизген. Бул туурасында "Кумтөр" компаниясынын ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жыйында билдирди.
Ал 2011-жылы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевге 10 миллион доллар которгонун айтууда.
"Комиссия аябай кызыктуу фактыны таап чыкты. 2011-2012-жылдары Centerra Gold Inc. демөөрчүлүк каражатты мыйзамдарды бузуу менен которгон. Ал борбордук казыналык системадан тыш колдонулган. 2011-жылы сентябрда Centerra компаниясы Жарандык турак жай куруу департаментинин эсебине РСК банкы аркылуу 10 миллион доллар которгон. Ага курула турган объектилердин тизмеси премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан 13-сентябрда бекитилген. Бул президенттик шайлоого чейин жана үгүт маалында болгон. Centerra Кыргызстандын саясий процессине одоно кийлигишкен, өлкө президентин шайлоого таасир эткен", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал курула турган объектилердин тизмеси финансы министри тарабынан февраль-март айында бекитилип, Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети менен макулдашышы зарыл болгонун белгиледи.
Комиссия буга чейин аталган компаниянын которгон каражаты тууралуу маалымат берген.