Ымыркайдын энеси чүрпөсү ыйлап баштаганда үйүндөгү ити кантип сооротконун видеого тартып алган.
Кадрдан диванда жаткан бөбөктүн ыйлаганын, бирок анын жанындагы ит кайдыгер карап жата бербей, баланы алаксытып сооротууга аракет кылганын көрүүгө болот.
Ымыркай менен кошо ит башын жогору карай созуп алып, жарыша үнүн чыгарып, ырдагандай дейбизби, айтор аракетин кылган. Алгач капыстан чыккан үндү уккан бөбөк итти карап, саамга токтой калып, бирок "ишин" кайра уланткан. Бирок ит баланын ыйына карабастан, үнүн андан катуураак чыгарып, акыры кичинекейди соороткон.
Социалдык тармакка видеону жарыялаган энеси үйдөгү иштер, тамак-аш бышыруу менен алек болуп, баласына колу жетпей жатканда итинин жардамга келгенин жазган.