Жапаровдун жаңы администрациясы түзүлдү. Ким жетектеди?

11-апрелдеги референдумда кабыл алынган Конституциянын негизинде президенттин администрациясы кайрадан түптөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. КР президенти менен өкмөтүнүн мурунку аппараттарынын базасында президенттин администрациясы түзүлүп, жетекчиси болуп кайрадан эле Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"11-апрелдеги референдумда кабыл алынган Конституциянын негизинде президент менен өкмөттүн мурунку аппараттарынын базасында КР президентинин администрациясы түзүлдү", — деп айтылган маалыматта.
Администрация жетекчилиги боюнча Жапаровдун төмөнкүдөй жарлыгы чыккан:
Сүйүнбек Касмамбетов — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
Медербек Сатыев — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
Бектур Зулпиев — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду;
Жеңишбек Асанкулов — Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.