Журналист Канат Каниметовго иш козголду

Журналист мыйзамга каршы келген иштин фигуранты болуп жатканын өзү бүгүн билгендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 7-май — Sputnik. "Апрель" телеканалынын кабарчысы Канат Каниметовго кылмыш иши козголду. Бул тууралуу журналист өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Кабарчы бул тууралуу ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иш алып баруу боюнча кызматынын жетекчиси Жеңиш Жоробековдун скриншот кылып жиберген маалыматынан билгенин айткан. Анда журналистке Жоруктар  кодексинин 119-бересинин ("Майда бейбаштык") негизинде иш ачылганы маалымдалган.
Баткенде белгисиз адамдар Sputnik агенттигинин кабарчысына кол салды
Каниметов анын жакындары жашаган Балыкчы шаарына милиционерлер келип, издеп, туугандары менен маектешкендигин айтып берди. Ал эми "Журналисттерди коргоо комитетинин" кызматкерлери журналист менен сүйлөшүп, кабар алган соң ИИМге сурам жиберишкендигин билдирди. Анын жыйынтыгында Чүй облусунун Аламүдүн райондук милициясынан кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки өндүрүштү баштагандыгы боюнча маалымат келген. Бирок кабарчынын кандай, эмне болгон кылмыш жасаганы туурасында айтылган эмес.
Каниметов бул кадамды журналисттик ишмердүүлүгү менен байланыштырып, майда бейбаштык кылбагандыгын айтты.
"Мен акыркы ирет 10-класста окуп жүргөндө мушташып, анда да жеңилип калгам. Чынын айтсам, таң калып жатам", — деген ал.
Ал эми Чүй облустук милициясынан Каниметовго карата кылмыш иши козголгондугун тастыкташты.