Садыр Жапаров жаңы Баш мыйзамга кол койду

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрель күнү жалпы элдик референдум өтүп, жаңы Баш мыйзам кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы Конституцияга кол койду.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 11-апрель күнү жалпы элдик референдум өтүп, жаңы Баш мыйзам кабыл алынган.
Иш-чарага мамлекеттик бийликтин бардык бутактары катышууда. Буга чейин президенттин маалымат кызматы эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калып жатканына байланыштуу чакырылган коноктор ПЦР-анализ тапшырышканын билдирген.