БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. "Барселона" футбол клубунун чабуулчусу Лионель Мессинин аталган клуб үчүн 644-голун киргизгенде кийген бутсасы 143 миң еврого сатылды. Бул тууралуу eurosport маалымат булагы жазды.
Месси ал бутсаны 22-декабрда Испания чемпионатынын 15-турунун алкагында "Вальядолид" клубу менен беттеште кийип ойногон. Аргентиналык спортчу бул оюнда өзүнүн 644-голун киргизип, атактуу Пеленин (643) рекордунан ашкан. Муну менен Месси футбол тарыхында бир клубдун курамында ойноп жүрүп киргизген голдор боюнча эң мыкты бомбардир болгон.
Бутсага футболчу өзүнүн кол тамгасын калтырган.
Аталган бут кийим буга чейин Каталониянын улуттук искусство музейине тапшырылган болчу. Ал аукцион аркылуу сатылып, түшкөн каражат кайрымдуулук үчүн жумшалары айтылган.