Дүйнө салганына жыл айланды. Акын Зайырбек Ажыматовдун сүрөттөгү элеси

Sputnik

Зайырбек Ажыматов былтыр ушул күнү кырчындай 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Элмирбектин жаштыгы, тагдыры, өксүткөн өлүмү... Акындын сүрөттө калган элеси
Акын 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Ошол эле жылы эмгек жолун "Асаба" гезитинен баштаган. Андан кийин "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында иштеген. Өмүрүнүн акыркы жылдары "Азаттык" радиосунда эмгектенип жүргөн.

"Жалгыздык", "Мелмил", "Нөлү көп жылдар", "Жүрөктөгү бороон" ыр жыйнактарынын автору.

Акын көз жумганда аны тааныгандын баары тогуз күн мурда каза болгон жакын досу Элмирбектин артынан кетти деп көп айтышкан. Анын досу үчүн күйүттө жүргөнүн тун уулу Назым Зайырбек уулу дагы Sputnik Кыргызстан агенттигинде атасын эскерип жатып айтып берген эле.

1 / 15
Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган
2 / 15
17-18-март күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрында Ажыматовдун элесине арналган спектакль коюлду
3 / 15
Зайырбек Ажыматов: мен өз жалгыздыгымды мойнума алгандардын биримин
4 / 15
Кызы менен
5 / 15
Эмгек жолунун алгачкы жылдары КТРКнын радио тармагында иштеген
6 / 15
Акын сүйүү темасына арналган саптары тууралуу жубайы эч качан кимге арналды деп сурабаганын айтып келген
7 / 15
Ажыматов айылдык орто мектепти 1993-жылы аяктап, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетине тапшырган
8 / 15
Тун уулу Назым атасынын жарык көрбөй калган чыгармаларын топтоп, элге тартуулоону максат кылып жүрөт
9 / 15
Алгачкы чакан ырын 2-классында жазган. Ошондон тарта ыр, чыгарма жазууга кызыга баштаган
10 / 15
Уулунун айтымында, жаңы ырларын жубайына, андан соң балдарына окуп берчү
11 / 15
Sputnik агенттигинин студиясында маек куруп жаткандагы ирмем. 2018-жылдын январь айы.
12 / 15
Жакын досу, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев менен
13 / 15
Жубайы экөө эки уул, эки кыздын ата-энеси
14 / 15
Акынга КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамы ыйгарылган
15 / 15
Журналист "Асаба", "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде иштеген