Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан кетирүү. Парламент токтом кабыл алды

Депутаттар соңку кырдаал боюнча маалымат алуу үчүн бүгүн эртең менен чакырышкан. Бирок ал келбей коюп, нааразычылык жаратты.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алды.
Депутаттар соңку кырдаал боюнча маалымат алуу үчүн аны бүгүн эртең менен чакырышкан. Бирок министр келбей коюп, эл өкүлдөрүнүн нааразычылыгын жаратты.
Натыйжада Бейшеналиевди кызматтан кетирүү тууралуу өкмөткө сунуш берүү токтом долбоору добушка коюлду. Натыйжада 81 депутат "макул", сегизи "каршы" добуш беришти.
Камчыбек Жолдошбаев: саламаттык сактоо министри жакшы иштеп жатат, колдойлу
Парламенттин мындай чечим кабыл алуусуна министрдин комитеттин төрт жолку чакыруусуна, бүгүн жалпы жыйынга келбей койгону негиз болду. Аны менен катар уу коргошун ичүүнү сунуштоо менен кыргыз медицинасын бүт дүйнөгө уят кылганы белгиленди.
Депутат Мирлан Жээнчороев министрди парламентке келбегени үчүн эле эмес, элдин саламаттыгына коркунуч жаратканы, кылмыш жасоого, көп мыйзам бузууга үндөгөнү, кыргыз илиминин аброюн төмөндөткөнү үчүн жумуштан бошотуу керектигин айтты.
Буга чейин Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча комитети Бейшеналиевге ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган.