Жаңылмачты катыра айткан диктор Чолпон: турмуш курууну да ойлоно баштадым

Интернет айдыңынан диктор Чолпон Медетбекованын кыргыз жана орус тилиндеги эң узак жаңылмачтарды так, туура жана тез айткан видеосун сиз да көрүп калсаңыз керек. Тасма Кыргызстан гана эмес, коңшу өлкөлөрдө да белгилүү болуп, Whatsapp аркылуу тарап жаткан маалы.
Sputnik
Жаңыдан теленин жүзүнө айланып келе жаткан мейманыбыз, 28 жаштагы Чолпон Медетбекова учурда коомдук телеканалда диктор катары эмгектенет. Чолпон абдан принципиалдуу, жашоодо ар тараптуу болууну самаган, өтө эмгекчил адам. 
Диктор Чолпон Медетбекова кыргыз жана орус тилиндеги эң узак жаңылмачтарды так, туура жана тез айтып таң калтырган
— Акыркы кезде интернетте жаңылмачты эки тилде шатырата айтканыңыз позитив тартуулап жатат. Видеого кандайча түшүп калдыңыз эле?
— Былтыр КТРКнын мурунку жетекчиси Илим Карыпбеков өзүнүн интернеттеги сторисине монгол алып баруучусунун орустардын эң узун жаңылмачы — лигурияны айткан видеосун чыгарып: "Бул монгол кызы. Алар орус тилин биздей өздөштүрүшкөн эмес, бирок, карагылачы, кандай сонун айтып жатканын", — деп жазып, Кыргызстанда орус тили расмий экендигин белгилеп, дикторлорго да сөз ыргытып кеткен экен. Аны окуп "эмнеге болбосун, мен деле айта алам" деген ой пайда болду (күлүп). Былтыр эле даярданып, айтып чыгуу ниетим бар эле. Бирок пандемия болуп калып, абал дароо өзгөрүп кетти. Кийин үйдө отуруп калдык. Ошентип быйыл атайын даярданып айтып, видеону интернетке чыгарып койгом. Бизде орус тили расмий тил катары кенен жайылгандыктан жаңылмачты так эле эмес, бат да айтуу керек деген ой менен бир аз даярдандым. Бирок чындыгында ушунчалык элге алынып кетерин ойлогон эмесмин. Видеонун алдына жакшы пикир калтыргандар көп болду.
— Андан кийин кыргызча жаңылмачтарды да тизмектеп айтып чыктыңыз...
— Ооба, ал мындайча болду. Мен бир жолу дүкөнгө соода кылганы кирсем: "эже, сиз журналист эмессизби?" — деп сурап калышты. "Жок" деп эле кеткени жатсам, "жок, жок айтсаңыз" деп эле туруп алышты. Анан мен дагы сураган себебине кызыксам, аларга Барнаулдан менин жаңылмач айткан видеом келиптир. Ал видео казактарда да тарап, Россиядагы казактар "казак кызы" деп жазып жатышкан экен. Анан тиги кыздар "эже, сизди алмаштырып жатышат. Кыргызча жаңылмач айтып деле интернетке жүктөбөйсүзбү?" деп калышты. Анан кыргызча жаңылмачтарды карай баштадым. Көрсө, кыргыз тилинде узак жаңылмач жок экен. Интернеттен болгон жаңылмачтарды таап алып, маанисине карай тизмектеп чыктым. Бирок орусчага караганда, кыргызча жаңылмачтарды жаттоо мен үчүн бир аз оорураак болду. Себеби өзүм мектепти да, жогорку окуу жайын дагы орусча окугам. Ошентип лигорияны туурап даярдап айтып чыктым. Көптөрү позитив катары жакшы кабыл алышты. Сүйүндүм. 
Диктор кыз 28 жашта, биринчи кесиби экономист экенине карабай чыгармачылыкка ооп кеткен
— Кесибиңиз боюнча экономист экенсиз. Телеге кантип келип калдыңыз?
— Менин биринчи кесибим экономист. Бирок кийин журналистика жаатында да билим алдым. Негизи журналисттер студент кезинде эле практикага барып, аралашып жүрүп 21-22 жашында кадимкидей такшалып, ал тургай айрым ММКларда кадимки журналист катары иштеп калышат экен. Мен окууну бүтүрүп, кечирээк киришип калдым.
Адамкулова: иним каза болгондон 7 күндөн соң иш-чара алып барганга туура келди
Экономист катары эч жерде иштеген жокмун. Анткени кесип тандоодо ата-энемдин кеңешин угуп эле алардын ою менен тапшырыптырмын. 1-2-курстарда окуп жүргөндө эле бул тармак меники эмес экенин түшүндүм. Бирок окуумду кызыл диплом менен бүтүп, аны ата-энеме тапшырдым да өзүм каалаган жолума түштүм (күлүп). Башында дароо эле журналистикага барууга батына албай, жеке ишканада иштеп жүрдүм. Анткени журналистика тармагында адистик боюнча диплом каралат деген ойдо болчумун. Көрсө жаңылыптырмын.
2015-жылы "Кыргызстан" деген телеканал ачылып, мен пиар жана сатуу менеджери болуп кирдим. Бекер иштечүмүн. Акчаны болсо негизги жумушум катары жеке ишканадан таап, теледе өзүмдүн көксөп жүргөн кыялым ишке ашып жатканына эле сүйүнүп жүрдүм. Болгону төрт-беш киши иштеген ошол чакан телеканал да мага чоң жетишкендик көрүндү. Сюжет жасаганды ошол жерден үйрөндүм, бирок студиясы даяр болбой көпкө күтүп калдык.
Ошентип жүрүп "Пирамида" каналына кастингден өтүп кетип, эң биринчи дикторлукту ошол жактан баштагам.
— Алгач ирет түз эфирге чыккан кез алып баруучулардын эсинде калса керек...
— Таң калычтуусу — биринчи түз эфиримде өзүмдү таппай, эсимди жоготот болушум керек деп ойлогом. Тескерисинче, түз эфир мага жакты. "Мага ушундай мүмкүнчүлук берилип жатат" деп сыймыктанып, жоопкерчилик менен мамиле кылгам. Негизи ар бир эфирде толкундануу болот. Бирок алгачкы түз эфирим асманда каалгып учкандай жеңил жана жагымдуу өткөн. 
Чолпон Медетбекова: Таң калычтуусу — биринчи түз эфиримде өзүмдү таппай, эсимди жоготот болушум керек деп ойлогом. Тескерисинче, түз эфир мага жакты. "Мага ушундай мүмкүнчүлук берилип жатат" деп сыймыктанып, жоопкерчилик менен мамиле кылгам.
— Диктор болуунун башка кесиптерден кандай айырмасы же өзгөчөлүгү бар?
Диктор Расул Багышбаев: менин бир чоң күнөөм бар...
— Менимче, өтө жоопкерчиликтүү кесип. Анткени журналисттер сюжеттерди даярдайт, биз алардын баш сөзүн окуп жатабыз. Аны жеткире окуп бербесең, журналисттин бир күн бою жасаган эмгегин жокко чыгарып коюшуң мүмкүн. Андан тышкары, теленин, анын ичинде диктордун өзүнүн табияты бар. Бизде тулку бойду түз кармоо, сүйлөгөнүңдө тыбыштарды так, туура айтуу жана келбетке кам көрүү кажет. Буга үйрөнүү менен кийин көнүмүш адатка айланып кетет. Мени диктор катары көп деле киши тааныбайт, бирок үнүмдөн эле көптөрү "сиз журналист эмессизби?" деп сурашат. Ошондой эле ар бир диктордун стили болушу керек. Мен канчалык деңгээлде стилимди калыптандыра алганымды билбейм. Мүмкүн издеп жаткандырмын... Бирок россиялык диктор Екатерина Андреевадан көп жагынан сабак алууга болот, ал кишинин стилин жазбай тааныйсың. Теле алып баруучунун эталону катары карайм.
Алып баруучунун кийими, боёнгону, эфирдеги кыймылы элдин көңүлүн бурбаш керек. Көрүүчү диктордун кийимине же боёнгонуна алаксыбай, ал айтып жаткан кабарга же маалыматка сүңгүп кирип кетүүсү керек. Эфирде отуруп, өзүңдүн отурганың же кийимиң, керек болсо калемди кандай кармап жаткандыгың тууралуу эле ойлоно түшсөң аны эл дароо сезет. Теленин ушундай сыйкыры бар. Мындан тышкары, мага Марина Кимдин жана Ирада Зейналованын алып барганы жагат. Зейналова эфирде "мени укпасаң, азыр башка чабам" дегендей тарсылдатып алып барат. Марина Ким да элди ойгото сүйлөйт. Бирок бизде, өзгөчө КТРКда, дикторлор жай алып барышат. Анткени биздин элдин табияты, жашоо ыргагы жайыраак. Муну Россия менен салыштырып болбойт. Ошондуктан аларда жаңылыктарды жаңылмач айткандай шакылдатып окуйт. Бизден Светлана Акматалиева, Айнура Кабатай кызы, Айдай Самиева жана Нуржамал Бурханованын алып барганы жагат. 
Диктор: Алып баруучунун кийими, боёнгону, эфирдеги кыймылы элдин көңүлүн бурбаш керек. Көрүүчү диктордун кийимине же боёнгонуна алаксыбай, ал айтып жаткан кабарга же маалыматка сүңгүп кирип кетүүсү керек.
— Алгачкы маегиңиз болушу керек. Андыктан окурмандарга өзүңүз тууралуу да айтып берсеңиз?
Акчабыз көбөйгөндө көп бала асырап алабыз. Диктор Тургунбекованын маеги
— Мен Кочкордун кызымын. Үч кыз, үч эркек болуп алты бир тууганбыз. Мен үйдүн улуусумун. Апабыз медик, атам жеке ишкер болчу. Бирок эки жылдан бери шартка байланыштуу ооруканада иштеп жатат. Менден кийинки сиңдим турмушка чыккан, эки баласы бар. Үчүнчү сиңдим 24 жашта, кесиби юрист, сот тармагында иштейт. Иним бокс боюнча республиканын чемпиону, Азия чемпионатына барып келип сыймыктандырды. Бир иним студент, эң кичүүбүз Нарындагы түрк лицейинде окуйт. Азыр атам менен апам Кочкордо жалгыз эле калышты. Ойлоп көрсөм убакыт көз ачып жумганча эле бат өтөт экен. Кечээ эле алтообуз ата-энебиздин кашында бапырап жүрчү элек. Бүгүн туш тарапка кеттик. Кээде көп кишиге көнүп калган ата-энемди да аяп кетем. Апам "көп эле бала төрөгөндөй болдум эле"  деп күлүп калат. Ата-энем сагынып үйгө чакыра беришет. Бирок жумуш, окуудан улам көп бара албай калып жатабыз.
— Интернеттен сиңдилериңиз менен тарткан күлкүлүү видеолорду көрүп калдым. Жашоодо позитивдүү жүрөт окшойсуз...
— Эми жаңылыктарды алып барып жаткан соң эфирде олуттуу көрүнөсүң. Бирок жашоодо мен ар тараптуу болгум келет. Мисалы, вокалга, бийге барам. Бийлеп, ырдаганды жакшы көрөм. Албетте, эл алдына чыкпайм, бирок чыгармачылыктан, ырдоодон ырахат алам. Сиз айткандай күлкүлүү видеолорду тартып калабыз. Ушундан улам актёрдук чеберчилигим да бар го деп калам (күлүп). Анткени бирөөлөрдү дал өзүндөй туурап же образга бат кирип кеткен жайым бар. Билбейм, адам болгондон кийин Жараткан ар кандай шык-жөндөмдү берип коёт экен. Мен да өзүмдөгү болгон өнөрдү калтырбай алып кетсем дейм. Аларды соцтармакта жарыялоого мүмкүнчүлүк болгондон кийин эл менен бөлүшсөм, бир чети позитив болот экен. Азыр эс-тутумум начарлап калганын байкайм, мектепте окуп жүргөндө кайсы бир ырды жаттап келгиле десе бир карап туруп эле айтып берип койчумун. Азыр анте албай калдым. 
Чолпон Медетбекова: Жашоомдо атам берген мотивацияларга шыктанып, ушуга жетишишим керек деп гана иш жагынан алдыга умтулуп турдум. Өзүмдүн мүнөзүм деле ошондой окшойт
— Ата-энеңиз негизи экономист болууңузду каалаптыр. Эфирге чыгууңузду кандай кабыл алышты?
— Мен 1-2-курста окуп жүргөндө эле аларга "мени экономист же бухгалтер болуп иштейт деп күтпөгүлө. Мен чыгармачылык чөйрөдө болгум келет" деп айта берчүмүн. Айткандай эле дипломумду алып барып колдоруна тапшырганда, "макул, бул эми сенин жашооң, башкысы ой-максаттарыңа жет" деп тим болушкан. Андан кийин колдоп эле кетишти. Биринчи эфирди көргөндө аябай сүйүнүшүптүр. Алар менин пиар менеджерлерим (күлүп), менин канчада эфирге чыгар убактымды билип алып, элдин баарына чалып айтып чыгышчу экен. Азыр апамдарга: "силердин жаш кезиңер ушул убакка туш келгенде, мыкты пиар менеджер болмоксуңар", — деп күлүп калам. Мен алгачкы жолу эфирге чыгарда ата-энеме айткан эмесмин, себеби аябай толкундангандан жаңылып кетишим мүмкүн эле. Бирок өздөрү эле убактысынан бери билип алып көрүшүптүр.
— Жеке жашоону унутта калтырган жоксузбу?
Алып баруучу Анара Бейшекеева: үнүң жаш баланыкындай деп текст окутушчу эмес
— Негизи өзүмдү 22-23 жаштагы кыздардай сезем. Жыйырма жаштан кийин убакыт бат эле өтүп кетеби, айтор, ары-бери карагыча эле 28 жашка чыгып калдым. Мурда улуу эле кишилер "жүрөк жаш" десе түшүнчү эмесмин. Бирок баары бир өзүңдү жаш ойлоп жүрө берет экенсиң. Адам эмнеге умтулса ошого жетет. Ойлоп көрсөм, атам биз кичине кезден "силер акылдуусуңар, момундай болосуңар" деп көп мотивация берип, көп максаттарга жетүүгө шыктантып коюптур. Ошого жараша баарыбыз жакшы окудук.
Жашоомдо атам берген мотивацияларга шыктанып, ушуга жетишишим керек деп гана иш жагынан алдыга умтулуп турдум. Өзүмдүн мүнөзүм деле ошондой окшойт. Ушуга чейин турмушка чыгуу керектигин билчүмүн, бирок кабыл албай келгем. Болгону акыркы эки жылдан бери гана бул жагын планыма киргизип, чындап ойлонуп баштадым. Мен үчүн бул нормалдуу эле көрүнүш. Турмушка чыгышым керек деп эле чыгып алгым келбейт. Бир чети азыр эрте турмушка чыгып алып, бала менен калып калган кыз-келиндер көп болуп жатпайбы. Мени ушундай кыздардын жашоосу, коомдо окшош сценарийде курулгандай трагедиялуу турмуштардын көбөйгөнү ойлондурат. Андан көрө кыз киши алгач өзүн өстүрүүсү керек деп эсептейм. 
Чолпон Медетбекова: Ушуга чейин турмушка чыгуу керектигин билчүмүн, бирок кабыл албай келгем. Болгону акыркы эки жылдан бери гана бул жагын планыма киргизип, чындап ойлонуп баштадым. Мен үчүн бул нормалдуу эле көрүнүш. Турмушка чыгышым керек деп эле чыгып алгым келбейт.
— Алдыда дагы максаттар барбы?
— Өзүмдү бизнес жагынан да сынагым келет. Ал эми профессионалдык кесип жаатында алып баруучулуктун мен билбеген дагы көп сырлары бар, өсө берүү зарыл. Анан келечекте кайрымдуулук фонд ачып, калктын аярлуу катмарына жардам берсем дейм.