БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Журналист, котормочу, акын Эрнис Асек уулун эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине журналисттин жакындары билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чара 25-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда уюштурулат.
Эскерүү кечеси "Өмүр менен өлүмдүн "жарк" дей түшкөн учкундары" деп аталып, анда Эрнис Асек уулунун "Каалга" китебинин бет ачары да болот.
Эрнис Асек уулу маркум журналист, саясатчы, коомдук ишмер Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси. Ал "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы, башкы редактор болуп эмгектенген. Кийин "Баягы Асаба" гезитин да чыгарып жүргөн. Журналист 2020-жылдын январь айында оорудан улам көз жумган.