Журналист Майрамбек Тойгонбаев 33 жашында каза болду

Журналист эмгек жолун КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык программасында баштаган. Өмүрүнүн акыркы жылдары парламенттин маалымат кызматында иштеген.
Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Журналист, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын эксперти Майрамбек Тойгонбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
ЖКнын мурдагы депутаты Токтогул Туманов пневмониядан каза болду
2009-2013-жылдары КТРКнын "Ала-Тоо" маалымат-аналитикалык программасында кабарчы болуп эмгектенген. 2013-2014-жылдары Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясында маалымат катчы болгон.
2015-жылдан бери Жогорку Кеңештин басма сөз кызматында сектор башчы, андан соң эксперт кызматын аркалап келген.