Ишкерлер кеңешин түзөлү. Жапаров Венгрия министрин кабыл алды

Сийярто Венгрия бийлиги Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) ишмердүүлүгүнө катышуусуна чоң маани берерин баса белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртону кабыл алып, кыргыз-венгр стратегиялык кеңешин түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3
Президент Садыр Жапаров бүгүн Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийяртону кабыл алып, кыргыз-венгр стратегиялык кеңешин түзүүнү сунуштады
2 / 3
Жапаров Венгрия премьер-министри Виктор Орбанга салам жолдоп, аны Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырган
3 / 3
Ал Венгриянын айыл чарбасындагы жаңы технологияларды колдонуу тажрыйбасына кызыкдар экенин билдирип, венгрия тарапка Кыргызстандын аймагына экологиялык таза продукция өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган
"Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана аны андан ары арттыруу боюнча пикир алмашуу болду. Президент Жапаров Европа биримдигиндеги Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон Венгрия менен мамилелерди жогору баалады. Бул өнөктөштүктү мындан ары өркүндөтүү максатында Жапаров эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелерин натыйжалуу чечүү үчүн кыргыз-венгр стратегиялык кеңешин түзүүнү сунуш кылды", — деп айтылат маалыматта.
Жапаров Венгрия премьер-министри Виктор Орбанга салам жолдоп, аны Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келип кетүүгө чакырган.
Кыргыз-венгер кызматташтыгы боюнча 12 документке кол коюлду. Тизме
Ал Венгриянын айыл чарбасындагы жаңы технологияларды колдонуу тажрыйбасына кызыкдар экенин билдирип, венгрия тарапка Кыргызстандын аймагына экологиялык таза продукция өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштаган.
Ошондой эле Жапаров Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда Ишкерлер кеңешин түзүүнү айтты.
"Ишкерлер чөйрөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында мамлекет башчы Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда Ишкерлер кеңешин түзүүгө чакырып, бардык маселелердин тез арада чечилишине жана баш кеңсеси Бишкекте болгон Венгр-кыргыз өнүктүрүү фондунун иштеп баштаарына ишеним артты", — деп жазылат маалыматта.
Сийярто Венгрия бийлиги Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) ишмердүүлүгүнө катышуусуна чоң маани берерин баса белгилеп, кызматташтык кеңешинин алкагындагы Венгриянын позицияларын колдогондугу үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын айткан.
Жапаров Ирандын тышкы иштер министрин кабыл алды. Талкууланган маселелер
Министр эки өлкөнүн тышкы иштер боюнча ведомстволорунун жетекчилеринин деңгээлинде Бишкек — Будапешт түз аба каттамдарын ачуу маселеси иштелип жатканын маалымдады.
Петер Сийярто кыргыз тараптын Венгрияда элчилик ачуу ниетине канааттанганын айтып, Бишкек шаарында Венгрия элчилигинин ишмердүүлүгү кеңейип, жакынкы мезгилде Европанын бир катар өлкөлөрүнө визалар бериле баштаарын билдирген.