БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкектин Дэн Сяопин жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги суу каптаган унаа жолду оңдоо маселесин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маселенин чечилиши Бишкек – Кара-Балта унаа жолун реконструкциялоо менен түздөн-түз байланыштуу экени белгиленет.
Адистер аталган тилкенин дренаждык схемасы чогулган сууну натыйжалуу буруп кетүүгө туура келбей турганын аныктап, бул көйгөй 2014-жылдан бери чечилбей келе жатканын айткан.
"Шаардыктарга жаан-чачындан кийин көчөдө пайда болгон көлчүктөрдү кечип өтүүгө туура келип жатса, кайсы ыңгайлуу шарттар тууралуу кеп кылууга болот. Мындай көйгөйлөр жеринде чечилиши кажет, айрым чиновниктердин шалаакылыгынан карапайым жарандар жабыр тартууда. Өз кызматтык милдеттерине кош көңүл, жоопкерчиликсиз мамиле кылуудан арылууга учур келип жетти", — деди Марипов.
Өкмөт башчы маселеге жергиликтүү бийлик органдары жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жооптуу экенин белгилеп, аларга кыска мөөнөттө инженердик чечим жана сунуш киргизүү тапшырмасын берген.