Жапаров афган кыргыздарын кышка чейин көчүрүп келүү ниетин билдирди. Сүрөт

Жапаров көчүрүп келүү пландалып жаткан афгандык кыргыздар үчүн турак жай куруунун долбоору менен таанышып, жер тилкелерин тезинен трансформациялоо керектигин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Алай районунун Талды-Суу айылына Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринен көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 7
Президент Садыр Жапаров Алай районунун Талды-Суу айылына Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринен көчүп келген этникалык кыргыздар менен жолугушту
2 / 7
Эске салсак, Жапаров ушу тапта иш сапары менен түштүк жергесинде жүрөт
3 / 7
Өлкө башчы баарлашууда афган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин мекенге көчүрүү ниетин айтып, бул үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражат бар экенине ынандырды
4 / 7
Жапаров көчүрүп келүү пландалып жаткан афгандык кыргыздар үчүн турак жай куруунун долбоорун көрүп, жер тилкелерин тезинен трансформациялоо керектигин айткан
5 / 7
Ошондой эле конушка билим берүү жана социалдык мекемелердин курулушун белгилеген
6 / 7
Өз кезегинде боордоштор президенттен Памирге барып келүүну уюштурууну, жумуш менен камсыздоону, жаштарды окутууну жана жарандык алууну тездетип берүү сыяктуу өтүнүчтөрдү айтышты
7 / 7
Жапаров тиешелүү маселелер жакын арада чечилерин убадалаган
Эске салсак, Жапаров ушу тапта иш сапары менен түштүк жергесинде жүрөт.
"Памирлик кыргыздардын кыйынчылыктары мени дайыма тынчсыздандырып келет. Мен аларды тарыхый мекенине толугу менен көчүрүп келүүнү көптөн бери каалап келгем, эми ушул тилектеримди ишке ашырууга ниеттенип жатам", — деген президент.
Өлкө башчы баарлашууда афган кыргыздарын ушул жылдын кыш мезгилине чейин мекенге көчүрүү ниетин айтып, бул үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражат бар экенине ынандырды.
Тамгадан сөз кураларын билбептирмин... Памирлик жигиттин таасирдүү баяны
Жапаров көчүрүп келүү пландалып жаткан афгандык кыргыздар үчүн турак жай куруунун долбоорун көрүп, жер тилкелерин тезинен трансформациялоо керектигин айткан. Ошондой эле конушка билим берүү жана социалдык мекемелердин курулушун белгилеген.
Өз кезегинде боордоштор президенттен Памирге барып келүүну уюштурууну, жумуш менен камсыздоону, жаштарды окутууну жана жарандык алууну тездетип берүү сыяктуу өтүнүчтөрдү айтышты. Жапаров тиешелүү маселелер жакын арада чечилерин убадалаган.
Эске салсак, мамлекет тарабынан Талды-Суу айылына 11 үй курулуп, аларга 17 үй-бүлө жайгаштырылган.