БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Ак үйдүн АКШ президенти Жо Байден менен Россиянын лидери Владимир Путиндин болжолдуу сүйлөшүүсү тууралуу маалыматы жок. Бул тууралуу РИА Новости Байдендин маалымат катчысы Жен Псакиге шилтеме берип жазды.
Эске салсак, АКШ президенти буга чейин Путин "шайлоого кийлигишкендиги үчүн жооп берет" деп айткан. ЖМКлар Байден ABC телеканалынын журналисттери менен сүйлөшүп жатып, "россиялык президентти жан кыйгыч деп эсептейсизби?" деген суроого "ооба" деп жооп бергенин жазган. Бирок кандай мааниде айтайын дегени түшүнүксүз болуп калгандыгын айтып чыгышкан. Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки Байдендин бул сөзү Путин жөнүндөгү метафора болгонбу же жокпу деген суроого түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.
Өз кезегинде Путин Байденге ден соолук каалап, "соо бол" деп айтмакмын" деген.
Кечээ Россиянын президенти америкалык кесиптешин түз эфирде сүйлөшүүгө чакырып, буга кайсы учур болбосун убакыт табарын белгилеген. Бирок жума күнү менен дүйшөмбү ыңгайлуу экенин, дем алышта тайгага барарын билдирген. Тиешелүү тапшырма ТИМге берилмек.
Псаки белгилегендей, Байдендин эртең Жорджияда "зарыл иштери" бар. Ак үй Путиндин сунушу тууралуу ойлонуп калса кабар берерин билдирген.
Маалымат катчы президент россиялык кесиптеши менен баарлашканын эске салып, бирок ал сүйлөшө элек башка дагы дүйнөлүк лидерлер бар экенин айткан.
"Биз Россиянын лидери жана өкмөт мүчөлөрү менен байланыштабыз, бирок алдыдагы жолугушууларга байланыштуу айта турчу нерсем жок", — деген Псаки.
Журналисттер Байденге Путин менен сүйлөшүүсү тууралуу суроо узатканда жооп бербестен трибунадан кетип калган.