Биздин каарман Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Боз-Бешик айылында төрөлүп, балалыгы ошол жерде өткөн.
...Мен чоң атамдын колунда өстүм, ал япон согушуна катышкан. Атама учкашып алып далай той-топурга бардым. Ал кезде биздин айылда автоунаа деле жүрчү эмес, ат араба эле каттагандыктан "экинчи Москва" деп коюшчу. Мектебибиз сегиз класстык эле, мындан улам Жети-Өгүз айылындагы мектеп-интернатты бүтүрдүм. Кышында Боз-Бешикке дем алыш күндөрү келгенде кайра дүйшөмбү күнү эртең менен эрте туруп алып 20 чакырым чуркап барып, Оргочордогу коомдук транспорт жүргөн чоң жолго жетчүмүн. Ошентип элет жеринде сүрөт тартып, билим алып, спорт менен машыгып чоңойдум.
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү актер Догдурбек Кыдыралиев
Ии баса, мен мектепке 1-класска барганда гана кагаз бетине сүрөт тарта баштадым. Ага чейин көл жээгиндеги кумга тартып жүрчүмүн. Атам аны көрүп алып "ушунуман бирдеме чыгат" деп калчу. Мен болсо түстүү карандаш сатып бериңизчи деп суранып, шаарга кеткен сайын эстетип турчумун. Ал кезде андай карандаштар райондун борбору Покровкада (азыркы Кызыл-Суу айылы) же Каракол шаарында эле болчу. Бир жолку сапарында атам түстүү карандаш сатып келип берди. Отуруп алып аябай учтаганым, андан чыккан өзгөчө жыт азыркыга чейин эсимде. Мектепте Белек агай бизге сүрөт сабагын окутуп, бул өнөрдү өздөштүрүүгө түрткү болду. Бара-бара мектептеги бардык дубал гезиттерди өзүм тартып калдым. Ошол эле маалда башка сабактарды да жакшы окудум.
Телевизор сатып алгандагы кубаныч
Союз маалында Боз-Бешикте эки эле үйдө телевизор бар болчу. Бири башкарманын үйүндө, экинчиси китепканачыныкында эле. Алардыкынан телевизор көрүү үчүн күндүз короосун тазалап, майда-барат иштерин бүтүрүп, кечинде телевизор көргөнү үйүнө кирип, ал агарып өчүп калганга чейин тиктеп караңгыда кайра үйгө кетчүбүз. Кийин атам колдонулбаган жерге картошка айдап, күзүндө ал жерден түшүм жыйнадык. Атам мүшөктөрдү жүк ташуучу унаага салдырып, картошка сатканы кетти. Түнгө чейин күтүп, "Балтика" деген телевизор үйгө келгенде аябай кубанганбыз. Үй-бүлөдө тогуз бир тууган элек. Беш эркек, төрт кыз. Баарыбыз ошону көрүп өстүк. Ал эми радио кийин ар бир үйгө тартылды. Бир күнү радиодон Ашыраалы Айталиев "Карагул ботомду" ырдаганда көчөдө отурган кемпир, келиндер боздоп ыйлаганы азыркыга чейин көз алдымда.
Колхоздун багынан алма уурдап...
Ата-энебиз бизди эмгекчил кылып тарбиялады. Мындайча айтканда, көчөлөп жүрүп чоңойгон жокпуз. Комуз черткенди үйрөнүп, ырдап, сүрөт тартып калчумун. Ошол эле маалда классташ балдар менен тентектик кылып, колхоздун багынан алма уурдачубуз. Кызык эле экенбиз, үйдө алма толтура турса, колхоздукун эле жегибиз келе берчү. Аны Кожон ава кош ооз туз мылтык менен кайтарчу. Бир күнү досум экөөбүз жөргөлөп бактын ортосундагы ак алманы жегени жакшы эле бара жатканбыз. Көрсө, кароолчу башына мексикалыктардын сомбреро шляпасын кийип алып жашынып жатып алган экен. Бир маалда алманын түбүнө жетип, алманы шагынан үзбөй эле тиштейин десем Кожон ава жатат мылтыгы менен. Жанымдагы досума "Качтык!" деп кыйкырдым да, зыр койдук. Бир маалда эле "даң" деген үн чыкты, туз дос баланын жамбашына тийиптир (күлүп). Экөөбүз тең аңга секирип түштүк, шымын карасам эки жеринен туз кирип кетиптир. Андан кийин ал бакчага такыр барбай калдык...
Догдурбек Кыдыралиев Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Боз-Бешик айылында төрөлүп, балалыгы ошол жерде өткөн
ЖОЖду таштап айылда койчу болуп калгам
Кийин борбор калаада Айыл чарба институтунда зоотехникке окуп жүрүп, аны таштап айылга келип алдым. Атам такыр сөгүнүп балдарын урчу эмес, жөн гана эмоциясын билдирип койчу. Бир күнү кечинде тамактанып отурсак "окубайт турбайсыңбы, анда колхоздо иштейсиң" деди. Ошентип айылда койчу болуп, бир айда бир жолу айылдагы мончого келем. Жаңы жылдын алдында үйгө келсем, "окубасаң ошондой болот" деди атам. Убакыт өтүп Фрунзедеги Сүрөт окуу жайына тапшырам деп жүргөндө аскерге чакыртылып Деңиз флотуна кызмат өтөгөнү кетип калдым. Ошонун баары кезинде мага жакшы эле сабак болуптур. Айылда ат минип, чалгы чаап, окуучу кезде эле трактор айдап, рогатка, мылтык атып, футбол ойноп, лыжа тээп өстүм. Кийин ойлосом, ал кыйынчылыктар мени чоң киного, жашоого даярдаптыр.
Мен азыр Бишкекте жашагандыктан туулуп-өскөн айылыма тез-тезден барууга аракет кылам. Кээде ага да шарт болбой калат. Бирок Боз-Бешиктеги жакындарым, санаалаштарым, замандаштарымды дайым кубануу менен эскерем.
Айылдагы тууган-туушкандарыма, Кемел, Үсөнкул, Жаныбек, Калмак, Садыр классташтарыма салам айтам. Эң өкүнүчтүүсү, досторумдун арасы суюлуп бара жатат, баягы нарктуу аксакалдар да калбай калды...
Бар бол, айылым, менин алтын бешигим!..