Жапаровдун Өзбекстанга сапары жыйынтыкталды. Президент эмне менен кайтып келди

Жапаров менен Мирзиёевдин жолугушуусунун жыйынтыгында 22 келишимге кол коюлду. Эки тараптуу кызматташуу боюнча бул документтер экономикадан тарта аскердик кызматташууга чейинки бардык тармакты камтыган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарын жыйынтыктаган президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта, Бишкек шаарына кайтып келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Сапарда эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулады, андан сырткары, өкмөттөр ортосунда бир нече кызматташуу келишимдери болду. Жапаров парламент спикерлери, өкмөт башчысы менен да кезигип, сүйлөштү.
Сапарда эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев жолугуп, кызматташуу маселелерин талкуулады, андан сырткары, өкмөттөр ортосунда бир нече кызматташуу келишимдери болду
Мирзиёев соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүү жана бардык тоскоолдуктарды жоюу, биргелешкен ишканалардын санын элүүгө жеткирүү менен бизнес объектилердин ортосундагы кооперацияларды күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.
Сапардын алкагында Жапаров менен Мирзиёев эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты. Ал 27 пунктудан турду.
Сапардын алкагында Жапаров менен Мирзиёев эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашты
Президент Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугуп, кызматташуу боюнча сүйлөшүп, КРде дары өндүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү сунуш кылды.
Өзбекстан Кыргызстан менен товар айлантуусун 2 миллиард долларга чыгарууну көздөп жатат. Маалыматка караганда, ушул тапта Өзбекстанда кыргыз капиталын пайдаланган 183 ишкана бар. Ошондой эле пандемия учурунда эки өлкө ортосундагы соода-сатык бир топ көбөйгөн.
Жапаров Ташкенттен кур кол келбей, 20 тез жардам автоунаасын ала келди. Бул коңшулар тарабынан Кыргызстанга белек катары берилди.
Жапаров Ташкенттен кур кол келбей, 20 тез жардам автоунаасын ала келди
Дагы бир белгилей кете турган нерсе — эки өлкө үчүн суу маселеси башынан бери өтө маанилүү жана аярлыкты талап кылган учурлардын бири. Эки президенттин Ташкенттеги жолугушуусунда суу-энергетикалык ресурстардын рационалдуу колдонулушу боюнча маселе көтөрүлгөн. Өзбекстан Кыргызстандагы гидроэнергетикалык долбоорлорго катышууга даяр экендигин айтты
Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгында 22 келишимге кол коюлду. Эки тараптуу кызматташуу боюнча бул документтер экономикадан тарта аскердик кызматташууга чейинки бардык тармакты камтыды.
Эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгында 22 келишимге кол коюлду
Сапардын жыйынтыгында Жапаров президент Мирзиёевди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Кайра жанданган кызматташуунун соңку этабы

Солгундап кеткен кыргыз-өзбек мамилелери Шавкат Мирзиёев президент болуп шайлангандан кийин, 2016-жылдын соңунан тарта жаңы түс алган. Эки өлкөнүн ортосундагы чыңалган мамиле жумшарып, чек ара көйгөйү сыяктуу маселелерде жылыш байкала баштаган.
Эки тараптын делегациялары бири-бирине каттап, ымала жылыган. 2017-жылдын 5-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келсе, бир айдан кийин Алмазбек Атамбаев дагы коңшу өлкөгө мамлекеттик сапары менен барган.
Тур, турагой, Өзбекстанга кечигебиз!
Азыр деле эки өлкөнүн чектеш аймактарында чек ара чыры чыгып кетип, бирок ал тиешелүү деңгээлдеги кызматтардын ортосунда чечилип келет. Эмне болгондо да талаштуу чек ара тилкелерин тактап алуу маанилүү маселе катары калууда. Тараптар коронавирус пандемиясынын айынан жайлап калган өкмөттүк делегациялардын ишин жандандыруу зарылдыгын айтышкан.
УКМКнын төрагасы мындан мурдараак март айынын башында Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара боюнча мамлекеттик комиссия ишин жандантарын билдирген.
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жалпы чек аранын узундугу 1 378 чакырым. Бүгүнкү күндө анын 58 жериндеги 324 чакырымы талаштуу болуп эсептелет.