Садыр Жапаровду Ташкенттен премьер-министр Абдулла Арипов тосуп алды

Кыргызстандын ири делегациясы коңшу өлкөгө бүгүн жөнөп кеткен. Эки күнгө созулган бул визит мамлекеттик сапар болуп саналат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кеткен КР президенти Садыр Жапаровду "Ташкент" аэропортунан өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6
Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен жөнөп кеткен КР президенти Садыр Жапаровду "Ташкент" аэропортунан өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды
2 / 6
Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады
3 / 6
Аба майданда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем салынып, ардактуу кароол тизилгени айтылды
4 / 6
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт
5 / 6
Мындан сырткары, Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугары пландалып жатканы белгиленди
6 / 6
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес-форумун өткөрүү дагы пландалып жатат
Аба майданда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем салынып, ардактуу кароол тизилгени айтылды.
Өзбекстанга Садыр Жапаров баштаган чоң делегация кетти. Курамы
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мындан сырткары, Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугары пландалып жатканы белгиленди.
Соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес-форумун өткөрүү дагы пландалып жатат.