Көчмөндөр оюнун уюштурууга жардам беребиз! Жапаров түрк министри менен жолукту

Садыр Жапаров Кыргызстан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, өлкөгө расмий сапар менен келген Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуунун актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашты.
Садыр Жапаров быйыл 30 жыл толо турган кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеген
Садыр Жапаров быйыл 30 жыл толо турган кыргыз-түрк дипломатиялык мамилелеринин жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилеген. Ошондой эле эки өлкө ортосунда бир катар маанилүү маселелер чечилгендигин, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн Түркияга ыраазычылыгын айткан.
Галина Байтерек: Жапаровдун атын жамынгандарды жоопкерчиликке тартуу керек
Президент өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнүн, биргелешкен ишканаларды түзүүнүн, айыл чарба тармагында, ошондой эле текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка тармактарда ишкердик мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров кыргыз тарап IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даяр экендигин кошумчалаган.
Ал эми Мевлүт Чавушоглу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди.
Ал эми Мевлүт Чавушоглу Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын саламын жана каалоо-тилектерин жеткирди
Ал эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлиндеги конструктивдүү диалог тууралуу айтып, түрк тараптын Кыргызстан менен тыгыз мамилелерди түзүүгө, биргелешкен кызматташуунун бардык багыттарындагы маселелерди илгерилетүүгө кызыкдар экендигине токтолду.
Мевлүт Чавушоглу Түркия соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын дагы баса белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык багыттар боюнча кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришкен.