Минихоят Закиуллаевна мактанганды жактырбайт. Бирок анын эмгек жолу эле баарын айтып турат. Ажарлуу айымдын 45 жылдык иш тажрыйбасы бар. Көп жылдык эмгек анын кесибине болгон сүйүүсүн мокото алган эмес. Ал түтүктөрдү, металлдан жасалган конструкцияларды жогорку чеберчилик менен ширетет.
Адистин айтымында, 1970-жылдары советтик жаштар ушундай сыяктуу кесиптерге кызыгышчу. Себеби өлкөдө ГЭС, ТЭЦ жана башка ири объектилер курулуп жаткан. Тиги же бу кесиптин артыкчылыктарын айтып берген үгүтчүлөрдүн дагы салымы чоң эле.
"Ширетүүчүлүк менен алектене турган кыздарды топтоо демилгеси көтөрүлүп, жыйынтыгында каалоочулардын саны арбып, бир группа түзүлгөн. Училищени аяктагандан кийин 1976-жылы биз Сыр-Дарыя ГЭСинде иштедик. Жөнөкөй нерседен баштап акырындык менен жоопкерчиликтүү иштерге өтө баштадык", — деди маектеш.
Кыргызстандык айым практика учурунда эле тандоосунан адашпаганын түшүнгөн.
"Колуң ишке көнүп калгандан кийин кызыгуу ого бетер күч алат. Сага маанилүү иштерди табыштай башташат. Мындай учурларда сенден керектүү адис чыкканын сезе баштайсың", — деди Семенюта.
Учурда Минихоят Закиуллаевна алтынчы разряддагы тажрыйбалуу кызматкер. Бул эң жогорку жана жоопкерчиликтүү категория. Ошентсе да ал өзүнүн ишин оор деп эсептебейт.
"Бул силер элестеткендей оор иш эмес... Тескерисинче, абдан кызыктуу. Мында жонуңа бир нерсе көтөрүп жүрүү зарылдыгы жок. Эң башкысы, сенин ишиңден кийин бирөө жарым кулап же сынып калбашы керек. Бул, албетте, чоң жоопкерчилик. Бирок ошентсе дагы кооптуулук жок", — деп ишендирди ал.
Семенютанын жумушундагылар ага сый-урмат менен мамиле жасашат. Бул айымдын кесибин уккан адамдар адатта таң калышат. Ширетүүчү айымдар аз эмеспи.
"Учурда ширетүүчү аялдар аз... Мен эле калдым го дейм. Бирок Россияда, тескерисинче, бул кесипке кызыккан кыздар көбөйүүдө", — деди ал.
Минихоят Закиуллаевна 45 жылдык эмгек жолунда бир дагы жолу кесибин алмаштыруу жөнүндө ойлонуп көрбөгөнүн кошумчалады.
Редакция КамАЗ айдап Кара-Кечеден көмүр ташып суктанткан айым тууралуу да материал даярдаган.