УКМК: президенттин Facebook аккаунтун бузуу чет өлкөдөн жүргүзүлгөн

Атайын кызмат мамлекет башчынын Facebook баракчасына жасалган чабуул боюнча иликтөө иштерин улантып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Facebook аккаунтун бузуу фактысы боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
"Такталган маалымат боюнча, баракчаны бузуу чет өлкөдөн жүргүзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Учурда бул окуя боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат.
Жапаров өлкө кандай өзгөрүп жатканын айтып берди. Президенттин маегинен тезистер
Эске сала кетсек, социалдык тармактарга ЖМКлардын бири депутат Дастан Бекешев "Жаңы "Ханституция" элдин шору болот" деп айткан видеосун чыгарган. Анын астына Садыр Жапаров деген ат менен катталган аккаунт одоно комментарий жазган. Мындан улам коомчулукта кызуу талкуу жаралган.
Бүгүн, 4-мартта, президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек өлкө башчы Садыр Жапаровдун Facebook аккаунту талкаланганын жана ал соңку комментарийлерди өзү жазбаганын билдирди.