Андай көрүнүштөрдүн баасы эбактан бери белгилүү, Донбасстагы боингдин атып түшүрүлүшү, Гутадагы химиялык чабуул, Скрипалдардын жана Навальныйдын ууланышы боюнча эч качан чындыкка окшоштурууга да убара тартпайт. Мындай жалгандар туурасында олуттуу кеп кылуу мүмкүн эмес, алар болгону журналисттик иликтөө жанрынын беделин түшүрүү менен гана алек. Маселенин күнгөй-тескейин чагылдырган макала РИА Новости агенттигине жарыяланды.
Bellingcat агенттигинин пайда болушунун анык себеби алда канча кызык. Дегеле бул фейктер фабрикасы кандайча жаралды?
2010-жылдын башында Афганистандагы америкалык аскердик чалгын кызматынын башчысы Майкл Флинн "Чалгындоо кызматын кантип оңдоо керек? " ("Fixing Intel") деген аталыштагы кызыктуу докладын жарыялаган.
Партизандык согуш коркунуч туудуруп турган, аларга кашаң чалгындоо кызматтары туруштук бере алган эмес. Флинн авторлоштору менен кесиптештерине маалыматты алар менен бөлүшүүгө даяр кишилерден, атап айтканда, жергиликтүү тургундар, журналист, коммерциялык эмес жана аялдар уюмдарынын өкүлдөрү, БУУнун кызматкерлери, жарандык активисттерден алууну сунуштаган. Аскердик гана эмес, өлкөдө кыбыр эткен нерселердин баарынан маалымат топтоо талап кылынган.
Топтолгон маалыматтарды НАТОдогу өнөктөштөрүнө, журналисттерге, коммерциялык эмес уюмдарга, айтор, баарына болушунча таратып, баарын ачыкка чыгарып турушкан. Туура даярдалган жана сунушталган маалымат куралга айланган. Ал жергиликтүү жашоочуларга оккупанттар кантип кам көрөрүн көрсөткөн. Ал эми сырттан бул Жакынкы Чыгышка мыйзамдуулукту жана тартипти орнотчу америкалык демократиянын жаркыраган образындай көрсөтүүгө мүмкүндүк берген.
Маалыматты атайын тандалган аналитиктер ылгоого тийиш эле. Флинн "эң шыктуу жана ачкаларды" тандоого кеңеш берген. Алар майда-чүйдөгө чейин белгилеп, геолокация жана ачык булактар менен иштөөнү билүүсү кажет.
Корутундусунда авторлор америкалык чалгындоо кызматынын ардагери Сэмюэль Уилсондун: "Маалыматтын 90%ы ачык булактардан келет, — деп эсептеген АКШнын Коргоо министрлигинин Чалгындоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, — Чалгындоонун чыныгы баатыры — Жеймс Бонд эмес Шерлок Холмс".
Афганистанда болжол менен ушул убакта британ армиясынын офицери Боб Сили кызмат өтөгөн. Англиялык газеталар аны чалгындоочу деп атайт, бирок далил келтиришпейт. 2008-жылдан 2017-жылга дейре Ирак, Афганистан, Ливия жана Сирияда Боб Сили чындап эле башка нерселер менен алек болчу. Азыр деле, белгилүү саясатчыга айланганда да Сили өзүн Штирлиц сымал алып жүрөт. Жакындары, ата-энеси жана табышмактуу жубайы менен түшкөн бир дагы сүрөтүн жарыялаган эмес. Жолдоштордун китебинде жубайы "Ната Расимас" деп аталат, бирок маалымат айдыңында ал боюнча эч кандай из жок. Сили кайда барбасын жалгыз, баса, гомосексуалисттердин укуктары үчүн да активдүү күрөшүп келет. Өмүр таржымалы өзүнчө бир кызык. Сили Англиядагы бардар, аты таанымал үй-бүлөлөрдөн чыккан. Тегин териштиргенде да жалаң эле барондор, баронеталар, губернатор, министр жана парламентарийлер чыгат. Уулдарынын баары Хэрроуда окуп, өкүл аталары же Уинстон Черчилль, же Филипп ханзаада коюлган. Уайт аралындагы ири жер ээси катары Силини жергиликтүү тургундар 2017-жылы Парламентке шайлашкан. Бул ушундай үй-бүлөлүк адатка айланган. Консерваторлордон чыккан депутат Россияга каршы күн тартибин агрессивдүү жүргүзөт.
Хэрроуну аяктаган соң, 1990-жылдардын башында Боб Сили постсоветтик мейкиндикте стрингер болуп иштеген. Киев, Тирасполь, Чечнядан репортаж даярдачу. Негизинен ал The Times гезитине жазып турган.
2012-жылдын башында интернетке "Кара тору Моисейдин" (Brown Mozes) блогу жарыяланган. Бул Фрэнк Заппанын ырынын аталышы. Сили рок-музыканы сүйүп угат, кезегинде британиялык MTV каналында иштеген, гитараны жакшы чертет.
Кийин "Кара тору Моисейди" маалымат каражаттары "укмуш блогер" деп атаган, бирок анын жазгандарын окуп чыгуу таптакыр мүмкүн эмес. Газеталардагы макалалардан терип жазылган супсак, бир өңчөй, маанисиз материал.
Адегенде "Моисей" Руперт Мердоктун News Corporation медиасындагы жеке маалыматтарынын уурдалышына байланышкан жаңжалды чагылдырган. Ошондо коомчулукта австралиялык медиамагнатка атайын кызматтардын жемкор кызматкерлери кызмат кылары тууралуу олуттуу шектенүүлөр жаралган. "Моисейдин" блогу окурмандарды бул темадан четтетип, көңүлдү Скотленд-Ярдга бурдурууга аракет кылган. Бирок аны окуган киши деле болгон эмес. "Укмуш блогер" өз окурмандарынан бирин-экин комментарий алган.
Бир убактарда "Моисей" Сирия темасына оойт. Белгисиз блогер Флинндин докладындагы "шыктуу жана ач" аналитиктин "милдеттерин" аткаргандай. Ал Сириядан YouTube каналдарга жүктөлгөн видеолорду көрүп чыгып, аларды укмуштай аталыштар менен кайра чыгарат. Мисалы: "Шрапнелден (артиллериялык дүрмөттүн бир түрү) жаракат алып чарчаган он эки чакты ымыркай!" Бирок блогер маалыматты талдабайт, дароо баарын жоопко шайкеш келтирет. Хула провинциясындагы апаатка ал сириялык бийликти айыптайт, бирок массалык киши өлтүрүү согушкерлердин кылмышы экенин кийинки иликтөөлөр тастыктаган. Бул эч кандай чалгындоо эмес, таптаза эле үгүттөө.
Дал ушул жерде аны The New York Times басылмасынын аскердик кабарчысы, мурдагы деңиз пехотачысы, кезегинде газетанын деңиз бюросун жетектеген Си Жей Чиверс "таап", коомчулукка тааныштырат. Ал Хорватиядан Сирияга курал экспорттоо жөнүндөгү иликтөөсүн жарыялайт. Анын макаласында материал Кара тору Моисей деген псевдоним менен жазган блогер тарабынан берилгени айтылат. Ал эми чындыгында анын ысымы – "Элиот Хиггинс" дейт.
Хиггинс жалпыга маалымдоо каражаттарынан сегиз жылдан бери түшпөй келсе да, анын ата-энеси туурасында эч нерсе белгисиз. Андыктан анын фамилиясы оңой эле ойдон чыгарылышы ыктымал.
Лестерде түрк тектүү жубайы, эки баласы менен жашарын тастыктаган далил жок. Суткалап Ютубдан чыкпай отурган болсо, кантип акча табары да дегеле түшүнүксүз. Ипотекага алган үйүнө ким төлөп, тиричилик чыгымдарын ким берип турган? Жогорку окуу жайды бүтүрө албай калган студент, бардык иштен куулган, эч бир чет тилди билбеген, армияда кызмат өтөбөгөн, өз шыгы менен "курал-жарак темасында Х-Box оюнчуларынан кем калышпаган" киши капыстан эле кантип дасыккан аскердик аналитикке айланып кетти?
Көп нерсени Хиггинс өзү деле түшүндүрө алган эмес. 2013-жылы "Нью-Йоркердин" ага көңүлү жылыган кабарчысы блог үчүн эмнеге мындай аталышты тандап алганын сураганда: "Кокустан", — деп жооп берген блогер.
Хиггинстин атына Bellingcat агенттигин катташкан, анда Россияны каралаган макалалар байма-бай жарыяланып турган. Алардын эч бирине далил келтирилген эмес. Бирок ар бир макала Россияга маалыматтык чабуул коюуга жана анын артынан санкциялардын жарыяланышына шылтоо болгон.
Ошол тушта Боб Сили коомго белгилүү саясатчы жана сыйга татыган аскердик аналитик болуп чыга келет. Парламентарий улам жоокердик тексттерин ойдон чыгара берген. Анын оюнда Британия Европа биримдигинен чыккандан кийин "глобалдык" болууга, башкача айтканда өз башкаруусун бардык "өнөктөштөрүнө" таңуулоого тийиш. Анын башкы душманынын ролуна Сили Россияны ылайык көргөн. Болгон кооптуулуктарды РФ тараптан шекшип, Россия бирде өз тыңчыларын жөнөтөт десе, кээде маалыматтарды бурмалайт, бир туруп "бизге каршы үчүнчү дүйнөлүк согуш жүргүзүп, утулууда!" – дейт. Анын ой-чабыты менен: "Россиянын агрессиясынан сактануунун он ыкмасы", "Батышка каршы гибриддик согуштагы Россиянын элүү инструменти" деген сымал орустарды жектеген темалар көтөрүлөт. 90-жылдары постсоветтик мейкиндикте бир нерсеге кабылган көрүнөт. Аскердик аналитик катары ал "бейконвенциялык согуш", башкача айтканда, социалдык медиадагы жалган маалымат, үгүт, чагымчылык, активдүү иш-чараларды иштеп чыгат. Бул Bellingcat маалымат майданынын ишмердигине коендой окшош.
2018-жылы Сили саясий ачылыш жасап, Bellingcat үчүн парламентте Скрипалдар окуясы боюнча "басма сөз" жыйынын уюштурган. "Мына булар, биздин заманбап Шерлок Холмстор, — деп кесиптештерине Хиггинс менен Грозевди тааныштырган, — булардын санариптик детективдик иликтөөлөрү уникалдуу".
Ошондон тарта парламентарий ачык эле Bellingcat агенттигин багыттап келген. Ал Элиот Хиггинсти Атлантикалык кеңешке, Генри Жэксон Кембридж коомуна, тагыраагы, орус фобиялык эң агрессивдүү аналитикалык борборлорго киргизген. "Лестерлик гикти" жана Уайт аралынан чыккан аристократты эмне байланыштырып турарын ким билсин, бирок аларды бириктирип турган күч – Россияны жек көрүүсү. Кызык, Боб Силинин эң көрүнүктүү бабаларынын бири тун барон Моттистоун өмүр бою Черчилль менен достошуп, өлкөдө эң жогорку кызматтарды ээлеген. Ошону менен бирге эле Германияга барып, фюррерге суктанган. "Гитлер мырза, — деген ал Англияга кайтканында жолдошторуна, — абдан чынчыл, дили ак жана өзүмчүлдүгү жок экен". Балким, гитлердик "Дранг нах Остен" демилгеси Силиге бабасынан калган көрүнөт.
Bellingcat боюнча анын жолдошу, табышмактуу медиаменеджер Христо Грозевдин жетекчисинин да РФти кыртышы сүйбөйт.
Грозевдин досу Карл Габсбург-Лотарингский алигүнчө бабаларынын мүлкүнөн ажырап калган ызасын жеңе элек. Габсбургдардын бүлөсүнүн башына келгенде, атасынан айырмалана ал империялык жерлерге болгон укугунан баш тарткан эмес. Постсоветтик мейкиндик ал үчүн – бабалары кол жууп калган менчик жерлер. Айтмакчы, Габсбургдардын жубайы Франческа Тиссен — айтылуу немец өнөр жайчысынын небереси. Убагында Гитлердин жана анын тегерегиндегилердин бийликке келишин берешендик менен каржылаган.
Батыштын муундан муунга келе жаткан элиталык кландары үчүн Россиянын айланасындагы аймактар — бул эч кимге таандык эмес аңчылык жерлер. Жергиликтүү тургундар прогрессивдүүлүк жана артта калууларга карабастан, флора менен фаунанын ар түрдүүлүгү гана. Bellingcat өңдүү мындай инструменттер — гибриддик согуш үчүн кынтыксыз курал.